"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбайда «Сулулар» сынагы болуп өттү.

15 Февраль 2017 жыл 20:53
Көрүүлөрдүн саны: 138

Чоң-Тогузбайда «сулулар» сынагы болуп өттү.
Ысык-Көл областына караштуу Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында «сулулар» сынагы болуп өттү.
Кубанычбек Мамытов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуу бөлүм башчысы Фарида Кыдыкбаева бул конкурс мыкты денгелде өттү дейт ал.

«Бул конкурс мыкты денгелде өттү десем жаңылышпайм.Себеби бул конкурска катышкан кыздар абдан жакшы даярданганы көрүнүп турат.Негизи бул жерде баары мыкты,бирок биз мыктынын мыктысын тандадык.Бирөө жеңет,бирөө жеңилет деген бар.Уюштурган окуучуга ыраазычылык билдирем»-деп сөзүн жыйынтыктады окуу бөлүм башчы.
Кубанычбек Мамытов мектебинде болуп өткөн «Сулуулар»конкурсунун жеңүүчүсү Назми Социалова бул жеңишти жетүү оңойго турган жок деп билдирди Социалова.

«Мен бул жеңишке жеткениме абдан кубанычтамын.Абдан толкунданып жатам. Менин бул конкурска катышуума апам көмөк көрсөттү. Ал эми кол өнөрчүлүк жагыга Мунара жене чоң таасирин тийгизди десем жаңылышпайм. Мени колдогон күйөрмандарга чоң рахмат»- дейт ал.
Кубанычбек Мамытов атындагы орто билим берүү мектебинин окуучусу калыстык менен чечилген жок дейт ал.

«Бул конкурс жакшы деңгелде өттү. Катышуучулар абдан күчтүү экен. Таймашуу көпкө созулду. Бирок жыйынтыгы калыстык менен чечилген жок десем жаңылышпайм. Мен калыстарга нааразымын»-деп сөзүн аяктады мектеп окуучу.
Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы,Нурзада Бекенова

Редактор:Салават Жангабылов