"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбай айылынын мүрзөсү бир жыл мурун курчалган

20 Февраль 2017 жыл 14:43
Көрүүлөрдүн саны: 90

Туп районунун Чоң-Тогузбай айылынын өйдөнкү мүрзөсүнүн тегереги темирден жасалган каша менен кармалганына бир жыл болду  .Айыл тургундарынын айтымында каша кармалгандан бери өтө жакшы болуп калган. Мүрзө тегерегин курчоону  каржылаган Талай Жортучиев болгон.

Айыл тургуну Агдил Аваз уулунун  айтымында мурун  оор болчу  мал кайтарсаң мал ичине кирип айдай албай кечке тажатчу деп айтып өттү.
“Мен кичине чакта мүрзө курчалган болчу бирок ал жыгычтан болгондуктан бат сынып жоголгон биздин малды тозгону барганда мал кирип кетсе коркуп айдай албай үйгө келчүк  мүрзөнүн кебир жерлеринде түшүп кетен жерлер  көп ошондонда коркчук азыр эч мал кирбейт жакшы ,салган адамдарга рахмат айтат элем “.- деп билдирди Аваз уулу

Мүрзө тегерегин курчону каржылаган Талайбайкенин иниси Урмат Жортучиевтин айтымында агам мурзө тегерегин ата –бабабыздын арбагын мал- жандык тепсебесин деп  курчады  деп айтып өттү ал.
“  Илгертеден бери элибизде ата-бабаны сыйлап келишкен  ата-бабаны сыйлабасак жердин үстүндөгүгүлөр өнүп өспөйбүз . Бул элдин гөйгөйү болчу  курчого эл да жардам берди “,-деп билдирди Жортучиев.
Куручуулардын бири Болот Абировтун айтымында  мүрзөнү курчодо кыйын болду анткени жаан болду ысык болду  көз оруду сварка менен иштеген үчүн биринчиден билбестик болду деп айтып өттү ал
“500-600 метр жер курчалып кармалды.Азыр эми жакшы болду анткени эми жаз айларында бада ошол жака чыканда ичине  мал кирбейт “,-деп билдирди Абиров.
Даярдаган:Мыскал Арунова

Редактор:Салават Жангабылов.