"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Айылдын кадырлуу аксакалы Шейшенбек ата

2 Март 2017 жыл 14:07
Көрүүлөрдүн саны: 196

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Шейшен ата көп жылдан бери аграном болуп иштеп келет. Айылдын тургуну Шейшенбек Соокеевдин айтымында аграномдук кызматты аркалоо оңойго турган жок деп айтып өттү ал. Биздин айылда баардыгы 1200 гектар жер болчу кийин трансформация болуп 200 гектарга жакын жер жайытка чыгарылды. Азыркы күндө биздин айылда 700 гектар айдоо аянты бар 700 гектардын 210у сугат үлшкө бөлүнгөн жерлер. Айылдын өзүнүн аянты 70 гектар жерди ээлейт. Буга чейин 50 гектар жер бар болчу кийин кеңейтүүгө деп айылдын башынан 30гектар айылдын аягынан дагы 5 гектар жер берилип 70 гектардан ашык жер айыл үчүн бөлүнгөн. 210 гектары сугат жер 490у кайрак жер. Мурунку Ленин камсамол атындагы калхох андан кийин Ленин комсомол андан соң Мырза-Белек корперативи болду андан кийин Карасаев айыл аймагы болду ошол убактарда мен башкы аграном жана уйрончулук аграном болуп 30 жылдан ашык эмгектендим»-дейт Шейшенбек ата. Ал эми жубайы Бурмакан Таабылдиеванын айтмында менин дагы ишиме коптогон жардамдарды берди дейт ал. «Биздин Шейшен экообуздун чогу жашаганыбызга  44 жыл болду. Ошонун ичинде 6 балалуу болдук алты неберебиз бар. Балдарыбыздын баардыгын жогорку билимдүү кылдык. Менин ишиме коптогон жардамдарды берди ошонун натыйжасында мен дагы коптогон ийгиликтерге жетиштим. Мектепте 30 жылдан ашык мугалим болуп иштедим. Партияга отуп партиялык кызматта мектептин баштапкы партялык парторг болуп ишетдим. Айылдык кенешке эки жолу депутат болуп шайландым. Ошол жылдардын ичинде эки орден алдым ардак белгиси орденин алдым. Азыркы учурда ардактуу эс алуудамын персоналдык пенсионермин. Ошол ишмердик жылдарымдын ичинде Шейшен чон жардам корсоткон. Ал эми озу бир канча жолу айылдык кенештин дупутаты болуп шайланды азыркы учурда аксакалдар сотунун төрагасы. ВДНХАныны  медалы менен сыйланган»-деп айтып өттү жубайы Бурмакан Таабылдиева. Ал эми айыл тургуну Бердике Баякунов атанын айтымында Шейшен айылга зор салым кошту деп айтты ал. «Шейшендин иш алып барышы жакшы болгон. Уюштургуч болчу. Кол алдындагы адамдар менен жакшы мамиледе жүрдү. Айыл чарбасын да дагы жакшы иштеди. Колунан келгенинин баардыгын жасачу. Комбаендин лигулировкасынын баардыгын Шейшен жасачу. Азыркы учурда дагы жардам берип кеп кенештерин айтып турат»-деп өз сөзүн жыйынтыктады Бердике ата. Даярдаган:Айпери Термирканова Редактор:Салават Жангабылов