"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбай айылынын ээрчиси Сагындык Муканбетов

3 Март 2017 жыл 12:57
Көрүүлөрдүн саны: 164

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-ТогузбайАбдыралиеваайылынын тургуну Сагындык Муканбетов ээр жасап өз үй-бүлөөсүн багат.
Айылдын  тургуну Сагындык  Муканбетов ээрди жөнөкөй адам жасай бербейт деп айтып өттү ал.
Мен бул жумуш менен негизи бала кезден бери алектенем. Такай кармаганым жыйырма жыл болду. Мисалга алсак кыргызАбдыралиева ээрге  бир ай. Ал эми азыркы заманбап ээрлерге балдар минип жүргөн «жигитовка» деген ээрди бир жуманын ичинде жасаса болот. Бир ээрдин баасын алты миң жети миң сомдун тегерегинде сатабыз. Чарбачылыкка токуна турганы бир жарым улактыкы төрт миң. Бул ээрлерди незинен айылга Миң-Булактык жигит алып келген өзү улакчы каскадёр бала болчу ошондон биз үйрөнүп алганбыз эми ээрди баары жасап башташты. Бул ээрлер мексика менен орус  ээрден айырмаланып чыккан ээрлер болуп эсептелинет»-деп өз сөзүн аяктады Сагындык Муканбетов.
Ал эми Сагындык абанын жубайы четте турбастан Эркингүл Абдыралиева жолдошуна көмөк көрсөтөөрүн билдирди.
Мен жолдошумдун ээр жасашына көз карашым түз ал эле эмес мен   да жолдошумдун жумушуна жардам берем. Жүгөн тердик куюшкан көмөлдүрүктөрүн тигип турам. Жолдошум экөөбүздүн бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 20 жыл болду. Ошонун ичинде алты баланы тарбияладык. Бул ээр жасоо үй-бүлөөлүк жумушка айланды»-дейт жубайы Эркингүл  эже.

Сагындык абанын кошунасы Мелис Солтонооев аванын айтымында Сагын ээр жасоонун чебери дейт ал

«Мен Сагындыктан ээр алып көрө элекмин бирок менин да ээр токумдарым жана ат жабдыктарым ремонтто турган. Сагындыктын ээрлерин базарга алып барып сатат жакшы өтөт айылдан да алып жатышат. Менин оюмча келечеги кең эгерде суроо талап болсо. Мындан сырткары өзүнүн устаканасын ачып алса абдан жакшы болот Сагындыктын колунан баары келет камчы жүгөн бүт ат жабдыкгын жасайт келечеги кең»- деди ал.
Даярдаган:Айпери Темирканова
Редактор:Салават Жангабылов.