"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

6 Март 2017 жыл 14:37
Көрүүлөрдүн саны: 196

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы бир үй-бүлөдө үч бала мүмкүнчүлүгүнөн чектелип, учурда баса алышпайт. Аталган үй-бүлөгө «Бугу-Эне самын жамааты жардам көрсөтүп. Атайын отургуч жасатып беришти. Бул балдарга башка элдер дагы колунан келген жардамдарын көрсөтүп турушат.

«Бугу-Эне» жамаатынын айытымында жыл сайын бул үй-бүлөгө жардам көрсөтүп келишкен.Бул жолкусунда аларга керек болгон отургучту атайын Бишкектен буйрутма берип жасатышканын айтышты. Аталган жамааттын мүчөсү Айнура Мамытова төмөндөгүдөй оюн билдирди.
«Бул дагы кудайдын буйругу экен балдар мындай мүмкүнчүлүгүнөн чектелип калышкандыктан колдон келген жардамыбызды берип турабыз. Буга чейин майда -барат болсо дагы каралашып турчубуз. Отургуч тамак ичкенке, отуруп бир нерслерди кылганга, боюн түз кармап отурганга ылайкталып жасалган.»-деп айтып өттү Мамытова.

Аталган балдардын чоң энеси Турсун Өскөнбаева мындай белектер каралашууларга ыраазычылыгын билдирип. Балдарым колдоолорду көрүп басканга аракет кылып, ден-соолуктары акырындан жакшырып баратканын айтты.
«Бугу-эне» жамааты буга чейин дагы жардамдашып келишкен биз буга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Балдарыбыз элдин колдоолору менен басып дагы калышты. Баарыңыздарга рахмат. Жамаат мындан ары жакшы иштерди кылып, иштери ийгиликтүү болсун.»- деди Өскөнбаева.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.