"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбай айылында»Шайыр апалар» аттуу таймаш болуп өттү.

7 Март 2017 жыл 14:27
Көрүүлөрдүн саны: 73

Ысык-Көл областтынын Түп районуна караштуу  Чоң-Тогузбай айылында “Шайыр апалар” атту апалар арасында таймашы болуп өттү.Бул таймаш 8-март эл аралык айымдар күнүнө арналган.Уюштуруучулары Жаңыл Сооронбаева жана Назгүл Итебаева бул мугалимдер таймашты өткөргөн.

“Алай  ханышасы” тобунун мүчөсү айыл тургуну Айымкүл Аламанова уюштуруучуларга  ыраазычылыгын билдирди.
“Бул жакта 2-3-класстардын энелери таймашууда .Бул абдан жакшы денгелде өттү.Буга кызыккан кишилер арбын болду.Айыл элдеринин көбү келди.Мындай таймаш айылда биринчи ирет өткөрүлүп жатат.Менин оюмча көрүүчүлөргө чоң таасирин тийгизди.Мен айымдарды 8-март эл аралык айымдар майрамы менен куттуктап кетмекчимин.Бул сынакты өттүгө бизге 2-класстын ата-энелери 2300сом каражат бөлүп берген.” дейт Аламанова.

Калыстар тобунун мүчөсү айыл тургуну Рыскүл Седиева бул таймашта эки топ тең жигердүү катышты деп билдирди.
“Бул таймашта эки топ тең мыкты даярдык менен келишкен.Мен бул жерге көрүү үчүн келсем ата-энелерден дагы калыс болуумду суранышты.Менин 2-3-класста окуган балам жок болгондуктан  калыс болдум.Туура калыстык менен чечилди деп ойлойм.Биринчи орунду»Аруузат»тобу багындырды экинчини «Алай ханышасы»тобу алды.Жеңүүчүлөр жеңүүчү намы менен жана грамата менен сыйланды.” дейт ал.
“Аруузат” тобунун мүчөсү айыл тургуну Кызжибек Молдакматова  каада-салттарды көрүүчүлөргө,жаштарга сабак катары калтырдык деп ойлойм.
“Бул таймашка катышкан апалар ыр,бий,оюн зоок жагынан жакшы аткарды десем болот.Апалар ушундай оюндарга көп  катышып турсун.Биз бул таймашта                                                                                   каада-салт жактарынан, каада-салт үрп адатарын унутуп келе жатышат ошолорго чоң таасирибизди тийгиздик.Биз жеңебиз деген ойдо эмес элек бирое женишке ээ болдук.Биздин тобтун мүчөлөрү таланту болгон үчүн кыйынчылык деле болгон жок,биз төрт күндүн ичинде зор нерсеге жетик.Каражат 391сом кети бирок спонсорлар көп жерин каржылап кети”дейт Кызжибек эже.

“Шайыр апа” таймашынын көрүүчүсү мектеп окуучусу Ая Кендирбаева жакшы деңгелде өттү деп билдирди.
“Бүгүн шайыр апалар болуп өттү өз күчтөрүн сынашты абдан жакшы оюндарды аткарышты. Уюштуручуларга ыразычылыгымды билдирем. Биздин мектепте ушундай концерттер өтүп турса жакшы болот эле” деп билдирди.

Даярдаган:Муратбек кызы Нуриза,Бекенова Нурзада
Редактор:Жангабылов Салават