"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбайда турнир болуп өттү.

14 Март 2017 жыл 14:52
Көрүүлөрдүн саны: 107

Ыссык-көл областынын Түп районуна караштуу Чоң- Тогузбай айылында маркум Келдибек уулу Талгаттын жана Рыскулов Акбардын урматына турнир болуп өттү.Бул турнир райондук маштаптапта болду.Маркумдар  2012-жылы жол кырсыгынан каза тапкан.

Бул турнирде биринчи орунду Чоң-Тогузбайдын биринчи тобу  ээледи,экинчи орунду Шаты тобу багындырды,үчүнчү орунду болсо Түп тобу алды.Биринчи орунга кубок,диплом жана2000сом менен сыйланды.Экинчи орунга ошондой эле диплом жанан 1500сом менен сыйланды. Үчүнчү орунга 1000сом жана диплом менен сыйланды. Төртүнчү орунду Чоң-Тогузбайдын үчүнчү тобуна 500сом менен сыйланды.

Уюштуруучулардын мүчөсү Мыктыбек Разыков турнирди өткөрүү жылдан жылга өнүүгүдө деп билдирди.

«Былтыр ушул убакта да турнир өткөргөнбүз анда күрөш боюнча мелдеш өткөн,быйыл болсо балдар арасында волейбол оюнун өткөрүп жатабыз.Оюн райондук денгээлде болот,жалпысынан ондон ашык тоб келди.Кызыктыруучу сыйлыктар бар,акчалай турундо жана дипломдорду беребиз.Жалпы камандага жана анын ичинен команда мүчөлорүно берилет.Тушто ысык тамак беребиз.Даярдык эң жакшы.Буюрса күчтүүсү жңет» деп билдирип өттү Разыков.
Келдибек уулу Талгаттын апасы Гулжамый Маматбекова уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип отту.

«Турнирди уюштурган балдарга ыраазычылыгымды билдирем.Айылдын 1992-1993-жылкы балдар уюштурушту.Ал балдардын омурлору узун болсун,ден соолуктары чын болсун,ойлогон ойлоруна жетишсин «деп айтып отту Маматбекова.
Оюндун коруучусу Мусабекова Айнагулдун айтымында турнир мыкты денгээлде болууда деп билдирди:

«Талгат аванын жана Акбар аванын урматына волейбол оюну боюнча мелдеш болуп жатат.Оюнчулар мыкты денгээлде даярданып келишиптир.Кучтуусу женсин.Агаларыбызды унутпай аларды эскерип дагы ушундай оюндарды откоруп турушса эн жакшы болмок»деп кошумчалады Маратбекова.

Даярдаган: Кендирбаева Ая

Редактор:Жангабылов Салават