"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбайдын күндөн-күнгө өнүгүп кележаткан жаштары.

17 Март 2017 жыл 6:36
Көрүүлөрдүн саны: 99

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында чыгаан спортчу кыздар балдар күндөн күнгө көбөйүүдө.

Айылдын дене-тарбия мугалими Жанарбек Жумакадыр уулунун айтымына спорт сарай салынгандан баштап спорт өнүүгө баштаган деп айтып өттү ал «Айылда самбо,кыргыз күрөш боюнча өзүнчө тренерлер бар. Алардын окуучулары эл аралык мелдештерге чыгып жатышат. Греко-рим күрөшү боюнча өзүнчө тренер бар анын окуучулары международныйдан орун алып келип жатышат. Мындан сырткары васкедбол,волейбол жана спорттун баардык түрлөрү боюнча тренерлер бар. Айылда ынтымак жакшы Ысык-Көлдүн атынан ойногон балдар бар. Айылдагы спорттун өнүгүүсү мыкты деңгээлде кетип бара жатат. Көп жаштардын кызыгуусу көк бөрүгө өтүп ат оюндарына басым жасалып жатат. Бирок жалпы жонунан спорттун өсүшү жогорку деңгээлге жетишип бара жатат.»-деп айтып өттү айылдын дене тарбия мугалими Жанарбек Жумакадыр уулу.

Чоң-Тогузбай айылынын мыкты делген спортчу балдарынын бир Арген Азымбековдун айтымында мен спортко балалык кезимен эле кызыккам дейт ал.

«Мен 7-классымдан бери греко-рим күрөшү менен машыгып келем. Ошол убактан бери көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Башында айылдардан андан соң райондордон утуп келдим. Мындан сырткары областарга республиканский турнирлерге жана международныйларга чыгып катышып жеңишке жетишип келдим. Менин эң чоң сыйлыгым бул 2016-жылы Бишкекте медународныйда экинчи орунду ээлегем ошону менен сыймыктанам. Менин алдыга максаттарым чоң. Кыргыз элимдин желегин желбиретип элге таанытып эл сыймыктанган балдардан болсом деген ой тилектерим бар. Биринчиден Эрмат Сакбаев агайыма чоң рахмат. Агайым дагы көптөгөн жаш балдарды чыгарат деп ойлойм»-деп өз сөзүн аяктады Арген Азымбеков

Кубанычбек Мамытов атындагы мектептин валибол командасынын капитаны Мадина Эсенгелдиеванын айтымында мага валибол абдан жатгат дейт ал.

«Мен спорттун валибол түруңү менен машыгып келем. Валибол менен мен 4-классымдан бери машыгам. Бир жыл жакшы денгээлде даядандым экинчи жылы командага кошулдум бир нече убакыттан соң талыкпаган эмгектин аркасы менен капитан команды болуп дайындалдым. Аймактык оюн болгондо медал жана жакшы чабуулчу деп диплом беришкен ошол сыйлыгым абдан кубанычтуу болгон. Мен алдыга койгон максаттарымдын бири алыскы республикаларга жана мамлеккеттик командаларга кошулсам деген масаттарым бар»-деген оюн билдирди Мадина Эсенгелдиева.
Даярдаган:Айпери Темирканова
Редактор:Салават Жангабылов.