"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбай айылынын бизнес айымы Динара эже.

21 Март 2017 жыл 10:02
Көрүүлөрдүн саны: 97

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Мамытова Динара айылга сүт булак ачып чоң дүкөнү иштетип келет.
Чоң-Тогузбай айылынын тургуну  Динара Мамытованын айтымында бул дүкөндү сүт булактын жардамы менен ачкам дейм ал.
«1996-жылы Түп району боюнча сүт жыйноо башталган ошол жылдарда биздин айылдан сүт жыйнап Түпкө өткөрүп берчүмүн. Андан соң чакан дүкөн ачып,бир нече жылдардын аралыгында кеңейтип. Азыркы учурда сүт дагы алып дүкөндү да иштетип жатам. Элдин суроо талабы боюнча баардык таварларды алып келип берүүгө аркет кылып жатабыз.»-деп өз сөзүн жыйынтыктада Динара Мамытова.
Ал эми Динара эженин кызынын Назминин айтымында  дүкөндө иш күнүгө кызуу жүрөт экенин билдирди ал
«Дүкөндүн иши көп болот, мөөнөтү өтүп кеткен товрлары алып чыгып алардын оордуна жаңы товарларды оордуларына коюп кардарлары тейлейбиз. Мындан сыркары күнүгө эртең менен жана кечинде сүт алабыз алардын да иши көп убакытты алат. Мамам мындан сырткары почто бөлүмүндө да иштейт ал жакта да кызуу иш алып барат.»- дейт кызы Назми Социалова.
Ушул эле айылдын тургуну Кишимжан Эгембердиеванын айтымында Динардын дүкөнү айылга  зор салымын тийгизип жатат дейт ал.
«Совет союзу тараган соң баардыгыбыз Динардын дүкөнүнөн соодо кылчубуз азыр да соода кылабыз. Бул дүкөн ачыла элек кезде туз алыш үчүн дагы шаарга баруубуз. Акчабызды жарымы жолго кетчү. Эми бул дүкөн ачылганы абдан жакшы болуп элге ыңгайлуу шарттар түзүлдү.»- деди Кишимжан Эгембердиева.
Даярдаган:Айпери Темирканова.
Редактор :Салават Жангабылов.