"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Аралда аймактык жеңил атлетика оюндары болуп өттү.

22 Март 2017 жыл 10:32
Көрүүлөрдүн саны: 85

Ысык-Көл обласынын Түп районуна карашту Чоң -Тогузбай айылынын кыздары жана балдары Арал айылындыгы жеңил атлетика оюндарына катышып ийгиликтүү кайтып келишти.
Арал айылынын  дене тарбия мугалими Нурбек Маданбековдун айтымында оюн мыкты деңгээлде өтүү дейт ал.
«Бул аймактаңык оюн «Манастын урпактары дени сак улут деген ураандын алдында» мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүп жаткан спорт оюндарына арналган мелдеш булуп эсептелет. Бул оюндарды жаш өспүрүмдөрдүн ден-соолугу чың болсун деп өткөрүп жатабыз. Жети айылдын спортсмендери катышып Арал,Миң-Булак, Долон командалары жакшы жетишкендиктерди көрсөтө алышты.»-дейт Маданбеков.

Ал эми Чоң-Тогузбай айылынын катышуучусу Мадина Эсенгелдиеванын айтымында жеңишти багындыруу оңойго турган жок дейт ал.

«Мен Чоң-Тогузбай айылынын Мамытов мектебинин атын коргоп келдим. Жеңишке жетишиш үчүн бир жарым ай убакыт даярдангам,ушунун натыйжасында 100 метр аралыгына чуркап биринчи келип,Мамытов мектебине 2-орунду камсыз кылдым».-деп айтып өттү Эсенгелдиева.

Арал айылынын окуучусу Самара Марксованын айтымында командалардын даярдыгы абдан жакшы экенин айтып өттү ал.

«Бул аймактык оюнда жеңил отлетика боюнча кыздар жана балдар арасында жүз,эки жүз, төрт жүз,сегиз жүз бир жарым киллометр жана үч миң метр алалыгында таймаш өттү. Командалар мыкты деңгээлде даярданып келишиптир ошонуну натыйжасында мыктылар райондук оюндарга жолдомо алышты.»-деп өз сөзүн жыйынтыктады Самара.

Даярдаган:Айпери Темирканова

Редактор:Салават Жангабылов