"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбай айылынын калкы Нооруз майрамын өткөрүүштү.

22 Март 2017 жыл 10:46
Көрүүлөрдүн саны: 106

.Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында Нооруз майрамы белгиленди.Айылда урууларга бөлүнгөн калк өз уруусунда белгилешет.

Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Нургүл Акбердиеванын айтуусунда Нооруз илгертеден бери майрамдалып келет.

«Быйыл Нооруз өзгөчө белгиленди.Себеби бул майрам илгертеден бери майрамдалып келе жатат.Майрамда ар бир адам дастаркон үстүндө молчулук,токчулукту тилеп келишет.»-деп айтып өттү Акбердиева.
Чоң-Тогузбай айылынын жашоочусу Зульфия Кадыракунова бул майрамды чыдамсыздык менен күтөбүз дейт ал.

«Бул майрам биздин ата-бабаларыбыздан бери майрамдалып келе жатат.Майрамда кыргыз эли улуттук тамак аштарды жасашып,дастаркон үстүн толтурушуп,жалаң гана жакшылыктарды тилешет.Бизда жакшылык тилөөчүлөрдүн катарындабыз»-деп сөзүн жыйынтыктады Зульфия эже.
Айылдын ардактуу айымы Света Такырбашеванын айтуусунда Нооруз жаңы жыл,жаңы күн дегенди билдирет.

«Нооруз-бул күн менен түндүн теңелиши,жаңылануу деп айтсам жаңылышпайм.

Бул майрамда сүмөлөк,көжө деген сыяктуу түрдүү тамак аштар даярдалат.Баардык Кыргызстандыктырды Нооруз майрамы менен куттуктайм»деди Такырбашева.
Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы

Редактор:Салават Жангабылов