"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбайда ФАО уюму тарабынан концерт өткөрүлдү.

22 Март 2017 жыл 16:22
Көрүүлөрдүн саны: 79

 

Ысык-Көл обласынын Түп районуна карашту Чоң-Тогузбай айылында Нооруз майрамына жана театр форм үчүн ФАО тарабынан уюшулду.ФАО уюму Тогузбай айылында 2016-жылы  иштей баштаган ал ООН уюмунун тарабынан ачылган.
Чод-Тогузбай айылынын ФАО уюмунун мүчөсү Нургүл Акбердиеванын айтуусунда бул концертке кызуу даярдандык дейт.

«Бул концертти уюштуруп жатканыбыздын себеби биринчиден ФАОго кирген айылдар арасындагы эстафета. Экинчиден элдин майрамдык маанайын көтөрүү үчүн.»-деди Акбердиева.
Дагы бир ФАОнун мучөсү Света Такырбашвеванын айтуусунда келерки эстафета Тасма айылында.

«Бул концертке биз он беш күндөй даярдандык.Бул биз үчүн абдан кыска мөөнөт.Бирок ошого карабастан биз мыкты болбосо да жакшы деңгелде өттүк деп айталам. Себеби көрүүчулөр өтө арбын бул койгон концертибиз элге жакты деген ойдомун. Концертке көп каражат кетти дегенден алысмын.»- деди Света эже.
Чон-Тогузбай айылынын тургуну, Концерттин көрүүчүсү Элмира Акмазиеванын айтуусунда бул концерт ага жаккандыгын билдирди.

«Бул концертте ар бир адам өзүнүн талантын корсотту. Бул элге эң чон майрам болду. Анткени мындай концерт биздин айылда биринчи жолу болуп өттү дагы алдыда көптөгөн майрамдык кечелер күтүп турат деп ойлойм»-деп сөзүн жыйынтыктады Акмазиева.

Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы

Редактор:Салават Жангабылов