"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбайдын жаш таланты Кылымбек Курманалиев.

22 Март 2017 жыл 15:11
Көрүүлөрдүн саны: 84

Ысык-Көл обласытына караштуу Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын жаш таланты Кылымбек Курманалиев. Бир нече музыкалык аспаптарда ойной алат.Азыркы учурда Кылымбекти көптөгөн кацертерге катышып келе жатат.

Кылымбек 1999-жылы 31-декабрда Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынында жарык дүйнөгө келген.

Кылымбектин атасы Муктарбек Чилетировдун айтымында Кылымбек музыкага кичинекей кезинен эле  шыктуу болчу деп айтып өттү ал.

“Кылымбек кичинесинен эле ырга шыктуу болчу.Өзүнчө эле ырдап жүрө берчү.Кошуналар ырдачу ошолорго кошулуп ырдап жүрдү.Кийинчерек аспап керек деди. Анан аккордион алып бердим.Ошентип жүрүп музыкалык окуу жайга тапшырды.Азыркы учурда ошол жакта окуп жатат .Келечекте мыкты музыкант чыгат деп ойлойм”-деп сөзүн жыйынтыктады Чилетиров.

Жаш талант Кылымбек Курманалиевдин айтымында анын биринчи мугалими Азамат Бөлөкөв ага аккордион  менен комузду үйрөткөн.
“Азыркы учурда Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайда окуп жатам.12-13 жашымда музыкага кызыга баштагам .Азыркы учурда комуз,аккордион,урма аспаптар(тай туяк,шылдырак ) менен эркин ойноп ырдайм”-деп айтып өттү ал.

Мектептеги музыка сабагынан берген мугалими Рита Мамутова кылымбек ырга абдан шыктуу болчу деп билдирди.

“Кылымбек абдан талантуу келген бала.Анын музыкага болгон таланты кичинесинен эле башталган.5-классынан баштап конкрустарга катышып жүрчү.7-класстарында ийгиликтерди багындыра баштады.Азыркы учурда аккордион менен ырдап жүрөт.Кылымбектен мыкты музыкант чыгат деген ишенимим чоң”-деп билдирди Мамутова

Даярдаган:Ая Кендирбаева,Нуриза Муратбек кызы
Редактор:Салават Жангабылов
Сынак үчүн