"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбай элдери кышты кандай өткөзүштү?

24 Март 2017 жыл 12:00
Көрүүлөрдүн саны: 96

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында быйыл кыш кандай болду?

Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Айнура Турсунованын айтымынды кыш эрте келди.

«Быйыл кыш узак болгону менен эсте калды.Абдан суук болду. Жылда малга камдалга тоют ашып калчу.А быйыл жетпей калды»-деп сөзүн жыйынтыктады.
Айыл тургуну Бакыт Кайыковдун билдирүүсүндө кыш катуу болду дейт.

«Кыш быйыл суук жана узак болду.Адамдар сууктан абдан кыйналды.Кыш сууктугу менен айырмаланды.»-деди Кайыков
Айылдын кадырлуу адамы,ооган согушунун ардагери Эмилбек Сыдыков

айылдаштарынан айырмаланып кышты жылуу болду дейт.

«Быйыл кыш мурдагыдай болгон жок.Мурда биз бала кезде кыш абдан катуу болчу ага салыштырмалуу күн жылуу эле болду.»деп ардагер бала кездеги кыш убагын эске сала кетти.

Айыл тургуну Элмира Чордоева быйыл кар көп болду дейт.

«Быйыл кар көп болду анан түшүида көп болуп нанда көп болот деген ойдомун.Менимче кардын зыяны деле жок.»деп өз оюн билдирди Элмира эже.

Айыл жашоочусу Каныбек Баратбаевда кыштын кыштай болгону жакшы дейт.

«Негизи кыш узак болду.Кыргызда жакшы сөз бар «кыздын кыздай,кыштын кыштай болгону жакшы» дейт быйыл кыш абдан узак болду.»дейт Баратбаев.

Ал эми айылдын кичинекей тургуну Актан Жумашов кар жааса бизге жакшы дейт.

«Кар жааса биз чана тебебиз,кар киши жасайбыз.Мага кыш жагат» дейтЖумашов

Айыл тургуну Асел Ормомбекова кыш суук болсо зыяны көп дейт.

«Бул кыш катуу болгону деле жаман. Себеби балалуу үй бүлөлөрдө үй суук болсо бала үшүп көп ооруйт.Ошондуктан кышында жылуу болсо жакшы да»деп сөзүп аяктады Ормомбекова.

Айыл жашоочусу Асамбек Сакбаев кыш узак болду бирок ошончо таза аба дейт.

«Кышында кар канча көп жааса аба таза болуп ден соолук да чың болот. Кардын зыяны жок. Мисалы кар күрөсө деле жаш муундарга ал тургай бизге деле күнүмдүк көнүгү болот»дкди Асамбек ата.

Айыл жашоочусу Зульфия Кадыракунова быйыл кыш өзгөчө болду дейт.

«Быйыл абдан суук болду.Кыштын суук болорун айылдын сакалдуулары күзүндө эле билишкен.Себеби илгерки адамдар болгондуктан мисалы пияздын кабыгынан билишкен.»деп билдирди Кадыракунова.

Айыл тургуну Света Такырбашева кыш суук болсода керемет мезгил.

«Кыш абдан жакшы мезгил себеби таза аба ,айылга ак пахта себип койгондой аппак.Өзүнчө эле ырахат. Негизи мага кыш мезгили абдан жагат»деп сөзүн жыйынтыктады Такырбашева.

Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы

Редактор:Салават Жангабылов