"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбай айылынын бирнече көчөсүнүн абалы начар.

27 Март 2017 жыл 15:07
Көрүүлөрдүн саны: 84

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын көчөлөрүнүн бирнечеси начар абалда.Көчөлөр жамгыр төгүп же каар жаасса баткака айланат.Жөн кана унаа менен эмес жүө жүргөн жүргүнчүлөргө да зыянын тийгизет.

Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Айнура Аламанованын айтуусунда жолдун абалы абдан начарлап кетти.
«Жолдун абалы өтө эле начар.Айыл элдери жолду оңдоого аракет кылдык.Бирок эч кандай натыйжа чыккан жок» деп билдирди Аламанова.

Айыл жашоочусу Рыскелди Аруновдун билдирүүсүндө бул көрүнүш көптөн бери уланып келет.Көчөлөрдү оңдоого көп эле аракет кылдык бирок жаан чачын көп жааганынан абалы жакшырган жок
Чоң-Тогузбай айылынын айыл башчысы Урмат Жортучиевдин айтуусунда

оңолот деген оюн айтты

«5көчө бар алардын баарынын эле абалы начар.Качан оңдо иштери башталат айталбайм.Бирок абалы жакшырат деген ойдомун.Канча акча кетерин билбейм жасай көрөбүз»дейт Урмат Жортучиев
Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы.

Редактор:Салават Жангабылов