"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Лезхоз уюму жаратылышты  коргоп келет.

28 Март 2017 жыл 16:47
Көрүүлөрдүн саны: 98

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Лесхоз уюму уюшулуп, жаратылышты сактап калуу максатында иш алып барат.
Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Керез Исмагулов атуу тургуну жогоруда айтып өткөн «лесхоз»уюмунда механизатордун кызматын аткарып келем деп айтып өттү.
«Бул лесхоз уюму 1990-жылы 1-июнда Муса Күчүков тарабынан уюшулган жана ал азыркы учурда 65347 гектар жерди ээлейт. Мен лесхоз уюмуна 2008-жылы кирип экскаватор трактор жана башка техникаларга айдоочунун ишин аркалап келем. Саз басып кеткен жерлерди казып кургатып айдоого ылайыктап,көчөттөрдү өстүрүү боюнча «корук»уюштурабыз. Куурап калган бактарды алып жерди бөөдө кетирбестен өсүмдүк өстүрүүгө ылайыктайм.»-дейт Исмагулов.
Ал эми Лесхоздо токойчунун жардамчысынын айтымында  бул уюм жаратылышка чоң жардамын тийгизет дейт ал.

«Лесхоздо курулушка ылайыкталган карагайлар,кооздук үчүн арналган жана ийне жалбырактуу,крым карагайы, Тянь-Шань карагайы,жазы жалбырактуу өсүмдүктөрдүн түрү орун алган. Өзүнчө коруктарда чычырканак,ит мурун,долоно жана башка өсүмдүктөр бар. Мындан сырткары жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган аймактарда оңдоп түзөө иштерин алып барабыз. 60тан ашуун жумушчулар иш алып барат.»- дейт Элдияр Жылкыбаев.

Ал эми Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Насердин атанын айтымында жайлоодогу көпүрөлөрдүн оңдоп түзөө иштерин лесхоздун жумушчулары алып барарын айтты.

«Айылдын тургундары  жайлоого чыгуу учурунда жолдордон кыйынчылыктарга туш болот,алардын оңдоо иштерин лесхоз уюмунун жумушчулары жакшы аткарышат. Жаратылыш кырсыктары катталса техника менен барып жардам беришет. Жаңы өсүмдүктүн түрлөрүн көбөйтүп жаратылыш байлыктарын арттырат.»-деп өз сөзүн жыйынтыктады Молдомамбетов.
Даярдаган:Айпери Темирканова.
Редактор:Салават Жангабылов.