"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Орлин айылы  таза суу менен камсыз болду.

28 Март 2017 жыл 16:55
Көрүүлөрдүн саны: 114

Ысык-Көл обласынын Ак-Суу районуна караштуу Орлинное айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду.

     Айылдык суу бөлүштүрүү уюмунун кызматкери Эмил Чынгышевдин айтымында айыл таза суу менен камсыз болчу бирок толук жетчү эмес дейт ал.

    «Суу менен айыл камсыз болгон бирок суу бир нече убакытка гана берилген мунун себеби суунун челеги кичинекей болчу. Таза суу чыгаруу демилгеси айылдык тургундар тарабынан көрөтүлгөн. Калонкаларды оңдойлу делип суу түтүктөрү чубалып таза суу менен айыл камсыз болгон. Бирок калоңкалар бузулат экен,ошондуктан үйлөргө суу киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө. Мурунку убакта атайын шаймандарды алдырчубуз таза суу чыгарчу ага көп каражат сарпталчу азыр бизге жаңы шаймандар  алынып келинип жакшы жеңилдик болду.»-дейт Чынгышев.

   Ал эми Кенже Бозумбаевдин айтымында эски суу чыгаруучу апарат  менен бир гана саат суу үчилчү дейт ал.

    «Бул водокачканын түктүктөрү алмашылганы 70 жыл болуптур, алтымыштык түтүктөр токсондуктарга алмашылды,жаңы компьютер коюлду. Водокачка оңдолул сырдалды. Биздин айылга 27 калонка алынып келинет деди азырынча бизде жаңы калонканын бир үлгүсү бар. Бул демилгенин баардыгы арабдар тарабынан каржыланды.»-дейт Кенже Бозумбаев.

   Ушул айылдын тургуну Орозалиева Зыйнакүл эженин айтымында мурдакы жылдары суу азыркыга караганда жакшы акчу деди ал.

   «Биз көчүп келген жылдары суу күнү түнү менен акчу андан соң сууга көп муктаждыктар жарала баштады кошуна айылдан алып келген учурлар да болду. Оңдоп түзөө иштери болгон  бирок аягына чыккан жок. Демилге көтөрүлөт бирок ишке ашпай жаткан,эми гана ишке ашты. Бирок калонкалар ар бир үйдө болсо абдан жакшы болмок.»-дейт Зыйнакүл эле.
Даярдаган:Айпери Темирканова.
Редактор:Салават Жангабылов.