"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Орлин мектебинин суу жылытуучу имаратын оңдоо керек.

28 Март 2017 жыл 17:06
Көрүүлөрдүн саны: 95

Ысык-Көл обласынын Ак-Суу районуна караштуу Орлинное айылынын Омельченко мектебинин суу жылытуучу имаратына оңдоп түзөө иштери талап кылынууда.

 Орлинное айылынын Владимир Ильич Омельченко атындагы мектептин  директору Бактыгүл Кайбылдаеванын айтымында суу жылытуучу имараттын абалы начар деп айтып өттү ал.

«Бул имарат 1970-жылы курулган, ошол убакыттан тартып эч кандай оңдоо ишинен  өткөн эмес. Көптөгөн кыйынчылыктар жаралууда. Бизге жаңы мектеп салынат деп айтылган. Эгерде жаңы мектеп салынса жаңы суу ысытуучу имарат керектелет ал эми салынбай калса оңдоп түзөө иштери талап кылынууда.»- деп айтып өттү Кайбылдаева.

Ал эми мектептин чарба иштеринин башчысынын айтымында иштеген жумушчуларга да кыйын болууда дейт ал.

Бул имараттын эскилиги жеткен. Түтүктөрүнөн баштап чатырына чейин. Иш жүрүшү октябрь айынан баштап, апрель айынын бирине чейин жүрөт. Саат таңкы төрттөн баштап, он беш нөл нөлгө чейин. Иш учурунда кышында суук болот жайында чатырынан суу тамат. Ошондуктан баардыгын оңдоп түзөө иштерин өткөрүү керек.»-дейт Надежда  Омельченко.

 Ал эми мектеп окуучусу Мадина Садыкованын айтымында кээде суук болот дейт ал.

«Биздин класс бөлмөбүз жакшы жылыйт себеби бизге жылуулук түтүктөрү биринчи кирет. Ал эми мектептин баш жагында жайгашкан бөлмөлөр суук бойдон калат. Бизде бир  күнү жылуулук өткөрүүчү түтүктөрдөн жылуулук келбей калгандыгы үчүн,үчүнчү сабактан кийин таратып койгон. Бул көйгөйлүү маселе чечилсе жакшы болмок.»-дейт Мадина

 

Даярдаган:АйпериТемирканова.
Редактор: Салават Жангабылов.