"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Шахматы мыкты ойногон Айгүл көп жеңишке жетишкен.

28 Март 2017 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны: 100

Ысык-Көл обласынын Ак-Суу районунун Орлинное айылынын тургуну Айгүл Малайканова шахмат ойноп көптөгөн ийгиликтерди жаратууда.

Айылдын тургуну Айгүл Малайканованын айтымында бул ийгиликтерге атасы себепкер болгонун айтып өттү.

«Атам шахматты аябай жакшы ойнойт,мен да ойноп атамды ута баштаганда 12 жашымда өзгөчөлүгүмдү атам байкап калды ой жүгүртүүм аябай жакшы болчу бул шахматта эң негизги нерсе. Мугалимге алып барса ал көңүл бурган жок ошондон тартып мен өзүм шахматка ынана баштадым. Карпов,Каспаровдой дүйнөлүк шахматист болгум келип терең үйрөнүп баштадым. Караколдон,Түптөн кыздар арасында дагы балдар арасында дагы биринчи орун алгам.  Республикалык турнирде тандоо болгон 9 тур болуп 7 упай топтоп 3-орунга ээ болгом. Ысык-Көл обласында Ысык-Көл-Опен аттуу международной турнир болду бул жака Россиядан,Таджикистандан келишти ал жерден 2-орун алгам. Көптөгөн майда турнирлерден биринчи орундарды алдым официалдуу республикалык турнирде 2-орун алдым. Бишкеке күтүүсүз жерден барып калып 1-орун алдым. Ошонун натыйжасына Казахстанга барып келип,ал жерден команда менен 4-орун алдык Эми 30-мартта Ташкентке барабыз.

Ал эми Айгүлдүн апасы Динар Абдыкееванын айтымында кызы дүйнөлүк чемпион болоруна ишенерин айтты.

«Кызым акыркы жолу Бишкеке президенский турнирге барып келди. Ал жактан Элвира Сариева,Карпов менен кезигип алардын колунан баалу белектерди алды. Кызыбыздын алдыдагы келечегинде мындан дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишет деп ишенебиз. Кызыбызды Казахстандан же Россиядан окутсак деген оюбуз бар.»-деп айтып өттү Абдыкеева.

Ал эми Айгүлдүн классташы Бегимайдын айтымында Айгүл мектепте өзүн жакшы алып жүрөрүн айтты ал.

«Айгүлдүн  мектептеги жетишкендиктери абдан жакшы. Шахматтан сырткыры коптогон ийримдерге мисалы: комузга катышат. Мектепке коптогон жетишкендиктерди алып келет,жума сайын шахмат турнирлерин өткөрөт ,шахматтарды алып келет булардын баардыгына өзү демөөрчүлүк кылып келет.»- дейт Курманбекова.

Даярдаган:Айпери Темирканова.
Редактор:Салават Жангабылов.