"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Орлинде мечит аяктап ишке берилди.

29 Март 2017 жыл 4:58
Көрүүлөрдүн саны: 113

Ысык-Көл обласынын Ак-Суу районуна караштуу Орлинное айылында көптөн күткөн мечит ачылды.

    Айылдагы жаңы ачылган мечиттин жамаатындагы Кубан абанын айтымында мечит курулганы намазга келген адамдар көбөйдү дейт ал.

 «Айылыбызга жаңы мечит салуу демилгеси айылдык тургундар тарабынан көтөрүлгөн жана Кубан Калиев, Нурлан Касымалиев, Кенже Бозумбаев тарабынан акча чолгултулуп иш кагаздары жасалыпбүткөн соң,демөөрчү издегенбиз демөөрчүлөр арабдар болду. Бизге колго акча берген жок бизге курулуш материалдары берилген,бизге кара жумуш ыйгарылган башкача айтканда куруу иштери. Бул мечит жарым жылдын ичинде курулуп бүттү.»- дейт Калиев.

  Ал эми ушул эле айылдык мечиттин имамы  Кенже Бозумбаев айтымында бул мечит айыл үчүн эң жакшы нерсе болду дейт ал.

   «Мурунку намаз окулчу жайыбыз кичинекей үй болу келген,ал жер кичинекей болгондуктан жума намазына элдер батчу эмес. Ошол себептен кошуна айылдарга барып келишчу. Биздин айылга мечит ачылганы айылдын тургундары жана жаштар үчүн абдан жакшы болду. Мечиттин сырткы жана ички курулуштары жакшы салынган. Эми мечитке баруучулар көбөйүп, жаштар жаман жолдорго барбай жакшы жолдо болот деп ишенебиз.»-дейт Бозумбаев.

 Ал эми айыл тургуну Чынгыз Кадыровдун айтымында айыл тургундары кара жумуштарына жардам көрсөтүштү. 

  «Айыл тургундары мечит куруу ишинде кара жумуштарды аткарышты. Мисалы фудаментин тургузуп,тамдарын салдык,чатырын жабып дагы башка иштерге жардам көрсөттүк. Ар бири ишке жарактуу адам убагы менен барып жардам берди. Айылдын апалары тарабынан тамак-аштар бышырылып убагы менен жеткирилип турду. Мындан сырткары айылдан акча жыйналды. Айыл тургундары мечиттин курулушуна чоң көмөк көрсөттү.»-дейт Кадыров.
Даярдаган:Айпери Темирканова.
Редактор:Салават Жангабылов.