"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Орлиндин мыкты балы дүйнөнүн булуң-бурчуна экспорттолот.

29 Март 2017 жыл 7:30
Көрүүлөрдүн саны: 75

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Орлинное айылында мыкты бал сатылып дүйнөнүн булуң бурчтарына сатылып жатат.

  Орлинное айылынын тургуну Владмир Жимируктун айтымында ак бал эң кымбат жана эң пайдалуу дейт ал.

  «1987-жылдан баштап бал өндүрүү ишин баштагам. Балдын эспарсет башкача айтканда ак бал тоо балынын жана дагы башка көптөгөн түрлөрүн даярдайм. Бул балды Турцияга,Россияга,Казахстанга жана Индияга,Бангладеште жана башка чет өлкөлөргө экспортко алып кетишет. Балдын бир килограмын 200 сомго сатар. Кардарларым аябагандай көп,балды алыш үчүн кезеке турушат. Жайында жайлоолорго кымыз жана бал менен дарыланыш үчүн аябагандай көп санда алып кетишет.»-дейт айтып өттү Валадимер Жимирук.

 Ал эми Раисия Нефаросыхтын айтымында кошунасы жогорку билимдүү бал челекчи экенин билдирди.

 «Владимир жакшы иш алып барат жакшы сапаттагы бал сатат. Ал эки жогорку билимге ээ. Физика жана математика сабактары боюнча мектепте мугалим болуп иштеген. Балдын жогорку сапаттагы түрүн чыгарат. Көп жерден келип алып кетишет. Мен дагы дайыма бал алып турам. Бал тандаганы билген адамдар ак балдын катуу абалында жасалган сортун алып кетишет аны дагы өз баасына жараша кымбат сатат.»-дейт Раисия

  Ал эми айыл тургуну Мирлан Болгомбаевдин айтымында бал өндүрүүсү айыл тургуну үчүн абдан жакшы сапатта дейт ал.

   «Балдын сапаты абдан жакшы, мен ушул гана сатуучудан алууну баарына сунуштайт элем. Бул өндүрүүчүнүн балын нукура таза даарылык касиети бар. Өзү менен маектешүүдөн сураганымда аарыларды кышында табийгый гана азыктар менен багарын билдир. Бул бал өндүрүүчү балдан сырткары гүлдүн ширелерин да өндүрөт. Ал улгайган адамдарга жана башкаларга дарылык касиетин тийгизет.»-деп айтып өттү ал.

  Даярдаган:Айпери Темирканова.

  Редактор:Салават Жангабылов.