"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Орлиндин тиш догдуру Тойбай байке.

29 Март 2017 жыл 7:16
Көрүүлөрдүн саны: 103

Ысык-Көл обласынын Ак-Суу районуна караштуу Орлинное айылында клиника ачып жигердүү иш алып барган тиш догдур иштейт.

  Айылдын тургуну Тойбай Касымалиевдин айтымында клиника мамлекеттики бирок өзүм оңдоп түзөөдөн өткөргөм дейт ал.

  «Мен 1982-жылдан бери бул иш менен алектенип келем. Мен жогорку медициналык билимге ээмин. Кыргызстан мамлекеттик медициналык окуу жыйын 1982-жылы бүтүп,ошол эле жылдан 1983-жылга чейин орденатураны бүткөм. Мен  Бишкекте хирург стаматолог,жети жыл Ошто,1990-жылдан бери Ак-Сууда районунда,2000-жылдан бери Караколдо иштеп  келем жатам.»-деп айтып өттү Касымалиев.

   Ал эми кызынын айтымында атам мыкты тиш догдур,атама көптөгөн жерлерден келет дейт ал.

  «Атам мага жакшы тарбия берет,көптөгөн кеңештерин айтат. Менен агаларым да тиш догдур болуп иштешет.

Атам кошуна айылга клиника ачып күнүгө ошол жерден иш алып барат. Мен дагы келечекте тиш догдур болуп атамдын жолун жолдогум келет.»- деп айтты Тойбай кызы Аделина.

    Ал эми Тойбай абанын кошунасынын айтымында биздин айылга да клиника ачылса жакшы болмок дейт ал.

     «Тойбай Каракол айыл аймагында көп убакыттан бери иш  алып барат. Бул клиниканы ачканына аз убакыт  болсо  дагы өзүнө көптөгөн кардарларды  тартып турат. Кардарларды оз убагында кабыл алып тиштерин дарылап турат. Айылга дагы клиника ачып кеңейтип алса келечеги зор болот деп ишенем .»-деп айтып өттү  Ажымалиева.
Даярдаган: Айпери Темирканова.
Редактор: Салават Жангабылов.