"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбайдын жаш сүрөтчүсү Аделина Кеңешбек кызы.

30 Март 2017 жыл 11:05
Көрүүлөрдүн саны: 105

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов мектебинин окуучусу Аделина Кеңешбек кызы кичине болсо да сүрөттү эң мыкты денгелде тартат.
Аделина Кеңешбек кызынын бир тууган эжеси Азиза Кеңешбек кызынын айтуусунда кичине кезинен бери эле сүрөткө абдан кызыгат дейт.

«Аделина кичине кезинен эле сүрөттү абдан жакшы тартат.Биринчи жолу бир жаратылыштын сүрөтү тартылган кагазды алып келип мен тарттым дейт.Бирок эч кимибиз ишенген жокпуз.Андан кийин тартканын көрүп ишендик.Сүрөттү абдан мыкты тартат.Негизи биздин үй-бүлөдө сүрөт тарткан киши жок.Аделина өзү эле кызыгып тартып кетти»деп сөзүн аяктады Азиза.
Аделина Кеңешбек кызы 2004-жылы Чоң-Тогузбайда жарык дүйнөгө келген.1-классымдан баштап эле сүрөткө кызыгып баштагам дейт Аделина.

«Мен сүрөт тартканда кадимкидей эс ала түшөм.Көбүнчө чарчап турган кезимде тартам.Ар кандай сүрөттөрдү кагаз бетине түшүргөндө дал өзүндөй болот.Эгер тарткан сүрөтүм окшошпой калса ыйлагым келет.Мен көбүнчө жаратылыштын сүрөттөрүн көп тартам.Даагы сүрөтчүлүгүмдү улантам деген ниетим бар»билдирди сүрөтчү,6-класстын окуучусу Аделина.
Аделинанын сүрөт тартып баштагандан бери күбө болгон эжейи Гүлзат Касымова эмгегин баалайм деп айтып өттү.

«Аделинанын тарткан сүрөттөрү кадимкидей башка окуучулардан айырмаланып турат.Анын тарткан сүрөттөрүн бир караганда эле тааныйм.Бул кыздын тарткан сүрөттөрүнүн келечеги кең.Мен ойлойм бул кыздан дизайнер болбосода мыкты сүрөтчү чыгат деп.»деп айтты эжейи Касымова.

Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы

Редактор:Салават Жангабылов