"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тогузбай айылынын кол өнөрчү кызы Мыскал Арунова.

31 Март 2017 жыл 13:13
Көрүүлөрдүн саны: 122

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылын К.Мамытов мектебинин окуучусу Мыскал Арунованын кол өнөрчүлүгү менен башкалардан айырмаланып турат.
Чоң-Тогузбай айылынын тургуну,Мыскалдын атасы Жеңишбек Жайылымышевтин айтуусунда кызым кичине кезинен эле токуганга кызыгат.

«Мыскал ар кандай нерселерди токуйт.Мисалы:баш кийим,кол кап,кыздарга керектүү буюмдарды токуйт.Ал өзүнө керектүү баарды буюмдарды(баш кийим,кол кап) өзү согуп алат»деп өз сөзүн жыйынтыктады атасы.
Мыскал Арунова 2002-жылы Чоң-Тогузбайда жарык дүйнөгө келген.Ал жаш болгонуна карабастан колунан көөрү төгүлгөн жаш ууз.

«Мен түймө түйүүгө 3-классымдан бери кызыгып келе жатам.Түймө түйүүнү башында тайэнемден үйрөнгөм.Андан соң өзүм үйрөнгөм.Өзүмө керектүү нерселерди өзүм эле жасап алам.Мен түймө түйүгөндөн эргүү алам.Мен бул түймө түйүүнү даагы өркүндөтөм деп ойлойм»деп билдирди өнөр ээси Арунова.
Арунованын апасы Айнура Турсунованын айтымында түймө түйгөндү абдан жакшы көрөт.

«Кызымдын түймө түйгөнүн колдойм.Кызыман келечекте көптү үмүттөнөм.Мыскал тайэнесин тартыптыр.Тайэнеси дагы ууз адамдардын бири.»-деп билдирди Айнур эже.
Кубанычбек Мамытов мектебинин кол эмгек мугалими Гүлзат Касымованын айтымында Мыскал түймөнү жогорку денгээлде түйөт.

«Мыскал негизи эле кол эмгек сабагында өзүн жигердүү алып жүрөт.Бир нерсени жасаганда кылдаттык менен жасайт.Түймөнүда бир жип ашык албастан,бир жип кем албастан так түйөт.Бул кыздан дизайнер чыгат деген ойдомун»деп билдирди эмгек мугалими Касымова.

Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы

Редактор:Салават Жангабылов