"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбай айылынын устасы Муратбек Сакбаев.

31 Март 2017 жыл 14:46
Көрүүлөрдүн саны: 69

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын устасы Муратбек Сакбаев.
Уста Муратбек Сакбаев 1961-жылы Чоң-Тогузбайда туулган.Анын айтуусунда эч кандай устачылык окуу жайын бүткөн жокмун.

«Мен бул кесипти бала кезимден эле баштадым.Себеби атаман эрте ажырап,баардык түйшүктү өз мойнума алып үйдү,сарайларды өзүм салдым.Ошого байланыштуу уста болуп кеттим. Азыркы учурда мен салган үйлөр көп. Анткени жашым алтымышты таяп калсада элдердин үйүн салып үй-бүлөмдү багам.Мен үй курулуштарды,очок,үй эмерктерди жасайм. «деп айтып өттү уста Сакбаев.
Сакбаевдин жубайы

Элмира Акмазиеванын айтуусунда Мурат абдан өнөрлүү.

«Мен Мураттын эмгегин баалайм.Мурат абдан тырышчаак баштаган нерсесин таштабайт.Ал устачылыкта эле тим болбостон балдардын сүйүктүү атасы.Мен Мураттын эмгегин абдан баалайм»деп билдирди анын жубайы Элмира.
Устанан өнөрүнө күбө болуп жүргөн Асылбек Такырбашевдин айтуусунда ишти абдан кылдаттык менен жасайт.

«Муратка мен үйүмдү жасаткам,ал абдан бат жана кымап сапаттуу жасайт.»деп сөзүн жыйынтыктады кошунасы Такырбашев.

Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы Редактор:Салават Жаңгабылов