"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбай айылынын көчөлөрдө жарыктык жок.

3 Апрель 2017 жыл 15:28
Көрүүлөрдүн саны: 73

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Айбек Абдрахмановдун айтуусунда жарык жок болгону абдан эле бизди өкүндүрөт.

«Биздин айылдын көчөлөрүндө жарык жок.Бир жылдры Чоң-Тогузбай деген көчөгө жарык коюлду эле иштебей калды.Коюлганына көп эле болгон.Анан дагы көчө караңгы болуп уурулар көп болууда»деп айтып өттү Абрахманов.
Айыл башчысы Урмат Жортучиев буюрса акырындык менен жарык ар бир көчөгө коюлат дейт .

«Айылда беш көчө бар.Анын баарында жарык жок.Бир кана көчөгө орнотулган бирок иштен чыгып калганына көп болду.Качан орнотулганын айта албайм.Бирок Кудай буюрса коюлат.»деп айтып өттү айыл башчы Жортучиев.
Айыл жашоочусу Уларбек Шабданбеков көчөгө жарыктар коюлса жакшы болот эле.

«Негизи жарык болсо жакшы болмок.Себеби жарык болсо айылдын элдерине жакшы болмок.Мисалы балдар көчөгө баскандан коркушат.Балдар эмес биз деле коркобуз.Фонар жарыгысыз жүрө албайбыз»деп сөзүн жыйынтыктады Уларбек байке

Даярдаган:Нуриза Муратбек кызы

Редактор:Салават Жангабылов