"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мугалимдер үчүн компютердик сабаттуулукту жогорулатуу максатында окуу болду.

21 Апрель 2017 жыл 14:11
Көрүүлөрдүн саны: 134


Тасма айылынын А.Сопиев орто мектебине электроникалы инситуту жана телекоммуникация тарабынан уюштурулган маалымат жана интернет технологияляары боюнча кыска мөөнөттүк окутуу курсу болуп өттү.Окуу “Мектептерди бириктируу долбоорунун”алкагында жүрдү. Аталган окуу 11-апрельден 16-апрельге чейин созулуп, Түп районундагы баардык информатика сабагынан берген мугалимдер окушту.

Аталган окууну кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен Каримова Гулмира Токтомуратовна өттү. Гулмира Каримова окууга Түп районунун мугалимдери катышышканын жана мугалимдер өтө активдүүлүктөрүн көрсөткөнүн айты:
“Бул окутуу курсунун негизги максаты азыркы инфокоммуникацияларды терең колдонуу, мугалимдердин иш тажрыйбасын жогорулатуу. Бул жердеги мугалимдер инфокоммуникация технология жана системаларын колдонуп өзунун бүгүнкү окуу иштерине колдонулган материалдарды жасаганды билсе. Бул мектептерди бириктирүү деген долбоордун негизинде уюштурулган курс, бул долбоорду каржылаган эл аралык байланыш уюму.
Аталган окутуу курсунун катышуучусу , Сопиев мектебинин мугалими Асель Омор кызы бул курс айыл жергесиндеги мугалимдерге абдан пайдалуу болгонун айтат. Компютердик сабаттулугу бир топ жогорулаган.
“Биз бул курста көптөгөн керектүү жаңы нерселерди үйрөндүк. Жаңы программалар менен иштедик, Түп районунан баардыгы 15 мугалим келди. – деди Асель Омор кызы.
Курстун катышуучусу Кундуз Шалтабаевадагы кесиптештерин кубаттап бул 5 күндүк курс мугалимдерге абдан пайдалуу болгонун билдирди:
“Чындыгында азыркы учурда мугалимдердин компьютерди колдонуу деңгээли, сабаттуулугу ар башкача, себеби ар башка жакта окуган, кээ бири курстарды эле үткөн. Шартка байланыштуу ошондой мугалимдер жумушка алынып атат. Эми бул институттун уюштурган окуу курсунан кийин мугалимдердин компьютердик сабаттуулугу бираз болсо да жогорулады деп ойлойм” – еди Кундуз Шалтабаева.

Даярдаган: Саадат Турдуматова, Айгерим Кубатбекова