Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында Турдубаева Нургүл эжей 30 жылдан бери мектепте эмгектенип жана жети баланы тарбиялап келет.
Айыл тургуну Нургүл эжейдин айтымында эки ишти алып баруу оңой дейт ал.
«Мен жети баланын энесимин беш кызым жана эки уулум бар. Мектепте отуз жылдан бери математика мугалими болуп эмгектенип келем. Эки ишти алпаруу оңой. Убакытты туура бөлүштүрөм жана баарына жетишкенге аракет кылам. Мугалимдик кесип аары татаал ары сыймыктуу кесип,өз балдарым менен чогу элдин балдарын да тарбиялап келем»-дейт Нургүл Турдубаева эжей.
Ал эми Нургүл эжейдин кызы Жаркынай Кубатованын айтымында апасы уйдөн гана эле эмес мектептен дагы татыктуу тарбия берип өстүргөнүн айтып өттү ал.
«Мен үчүн эне-бул дүйнөдөгү бар байлыгым бүтүндөй жашоом. Мен энеме миң мертебе ыраазымын. Себеби мага татыктуу тарбия берип адам санына кошкон энем. Бизге мектепте да үй-бүлөөдө да тарбия берип келген. Апам үйдөгү иштердин баардыгын өзү жасачу. Азыр дагы математика мугалими эле эмес китепканачы болуп эмгектенип келет. Ал жакта да көптөгөн сынактарга катышып көптөгөн китептерди алып келип китеп кананы гүлдөтүүдө. Менин ушундай ардактуу энем бар экенине сыймыктанам»-дейт Кубатова. 
Аталган айылдагы Кубанычбек Мамытов атындагы мектептин эмгек сабагынан берген Гүлзат Касымова эжейдин айтымына. Нургүл эжейдин мугалимдер жамаатында да кадырлуу мугалим экенин билдирди ал.
«Нулгүл Турдубаева аталган мектепте көп жылдан бери иштейт. Үйүндө балдарына кандай жакшы мамиле кылса мектептеги окуучуларга да ошондой мамиле кылат. Балдар менен жакшы мамиле түзөт. Ийкемдүү,түшүнүктүү,тажырыйбалуу мугалим. Мугалимдер жамаатында да жаш мугалимдерге акыл насаатарын айтып, катуу кетпестен кемчиликтерин акырын түшүндүрүп тажрыйбасы менен бөлүшөт»-деп айтып өттү Гүлзат Касымова.
Даярдаган:Айпери Темирканова
Редактор:Салават Жангабылов.