"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

ФАО уюму тарабынан алма көчөтөрүн окуучулар мектепке отургузушту

7 Май 2017 жыл 8:42
Көрүүлөрдүн саны: 73

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу  Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектепке Бириккен Улуттар Уюму тарабынан «Мектеп алдында мөмө-жемиш,бак-дарактарын өстүрүү» проектиси боюнча 200 түп алманын көчөттөрү келди.

?????????????

   Аталган мектептин директорунун айтымында көчөттүн 200 даанысы алынын келингенин билдирди Садыров.

   «Бул көчөттөр Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун «Мектеп алдында мөмө-жемиш,бак-дарактарды өстүрүү»проектиси боюнча келди. Көчөттөрдүн ар бири 225 сомдон болгон 200 түп алма  келди. Алманын сорттору превасходный,айдарек,семеренка. Бул көчөттөр проектинин негизинде мектеп айланасына отургузулду»-дейт Эркинбек Садыров.

?????????????

  Ал эми ушул мектептин математика мугалими Акылбек Тууганбаевдин айтымында мектеп окуучуларына чоң таалим тарбиясы тийди дейт ал.

  «Бул көчөттөрдү отургузуу иш чарасында 200 алма көчөттөрүн окуучулар менен биргеликте отургуздук. Бул иш-чара уюшкандыкта өттү жана муну менен окуучуларга  көчөттөрдү кантип,канча аралыкта отургузуу керек экендигин жана жакшы түшүм бериш үчүн кандай кароо керек экендигин үйрөттүк. Мындан сырткары бул алмаларды коргоо максатында тегерегине зым тор тартуу маселесин карап жатабыз»-дей Тууганбаев.

?????????????

   Мамытов мектебиндеги бул иш-чарага катышкан окуучулардын бири Индира Ташболотованын айтымында көчөттөрдү отургузуу иш-чарасына жигердүү катыштык дейт ал.

  «Бул иш-чара жакшы деңгээлде өттү. Балдар жерлерди казышты биз суу куйдук. Бул көчөттөрдү отургузуу менен биз көптөгөн пайдалуу нерселерди үйрөндүк жана бизден кийинки инсандарга үлгү болот деген ишеничтемин. Бул иш-чара жаратылышты көрктөндүрүү менен мектепке зор салымын алып келди. Бир бар жыксаң,  миңди тик дегендей биз да жаратылышты коргоо маселесин көтөрдүк деп ойлойм»- деп өз сөзүн жыйынтыктады Индира Ташболотова.