"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Комузчу кыз Алина Жапарова

7 Май 2017 жыл 8:37
Көрүүлөрдүн саны: 189

 Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Алина Жапарова 6 жашынан баштап чыгармачылык чөйрөгө аралашып келет.

   Айылдын тургуну Алинанын айтымында комуз үйрөнүүдө эч кыйынчылык жаралган жок деп айттып өттү ал.

  Мен чыгармачылык чөйрөгө 6 жашымдан баштап кызыгып келем. Ушул өнөрүмдү 1-класста муузыка сабагынан берген эжейим байкап калган,ошондон тартып мен ырдайм жана көптөгөн  музыкалык аспаптарда ойной алам. Мен комуз,гитара,аса таяк,шалдырак,добулбас,ооз комуз,кыл кыякта да ойной адам. Мен мындан кийин да мызыка чөйрөсүндө ийгиликтерди жаратам деп ойлойм себеби мен жашоомду музыкасыз элестете албайм»-дейт жаш комузчу Жапарова.

  Ал эми Алинанын  апасы Кутбүбүнүн эженин айтымында Алинанын чыгармачылык чөйрөсүн ар тараптан колдоого аракет кылабыз дейт апасы. 

   «Кызымдын чыгармачылык чөйрөсүнө колубуздан келишинче салым кошобуз  жана ошондой эле өнөрү өнүксө экен деген ойдобуз. Керектүүсүнүн баарын камсыздайбыз. Окуусун бүтсө чыгармачылык чөйрөсүн улантып кетсе экен деген ойдо келечекте Бишкек шаарындагы Күренкеев окуу жайында окуп, белгилүү,таланттуу,эл керегине жараган инсан болсо экен деп жатабыз»-дейт Күтбүбү Токмокбаева.

  Ал эми Алинанын классташы Сайкал Арунованын айтымында Алинанын  класста ордолуу орду бар дейт ал.

  «Алина класстагы алдыңкы,үлгүлүү окуучулардын катарына кирет. Ар тараптуу инсан спорт жаатында дагы чоң ийгиликтерди жаратып келет.  Ырчылык чөйрөгө катышканы жалаң гана биринчиликти  жана байгелүү  орундарды камсыз кылып келет. Келечекте алыска атагы кеткен белгилүү адам болот деген ишеничтемин»- дейт Арунова.

Даярдаган:Айпери Темирканова
Редактор:Салават Жангабылов.