"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Маек: Карасаев аймагындагы “Калмак арыктын” келип чыгуу тарыхы

9 Май 2017 жыл 11:55
Көрүүлөрдүн саны: 115

Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагындагы “Калмак арык” деп аталган канал бар. Арыктын качан пайда болгону тууралуу Тасма айылынын тарыхчысы Кыдырымыш Масылов менен маек курдук.

Калмак арыктын келип чыгуу тарыхы кандай?

— Менин элдерден укканыма караганда, мурда кыргыздардын жерин калмак баскынчылары басып алган. Тарыхта да айтылган сөз бар “Кыргыз гисарга барганда, казак кайың сааганда” деген. Бул Тажикстандын чек арасына чейин кыргыздар көрсөтүлгөн. Мына ошол мезгилдерде Ысык-Көлдө калмактар жердеп калган. Мына ошол калмактар жердеп турган мезгилдерде калмактар жерди иштетиш максатында, суу алып келиш максатында атайы ошол арыкты казган. Ал убакта азыркыдай зергерлер жок. Кандай казыш керек экенигин билген эмес. Ошондуктан эшектин эки жагына кумду жүктөп, мүшөктүн түбүн тешип койгон. Ал эки жака кыймылдабай зергер сыяктуу түз кете берген, ошол кумду кубалап арык казышкан. Мына ушундай деп айтылат. Мына ошентип изи Токтояндан башталып, аягы Долонго чейинки аралыктарда калмак арык бар. Мына ошентип калмак арыктын курулушу жөнүндө аңыз-кептер бар. Кийинчерек кыргыздар келгенден кийин ошол аталыш “Калмак арык” деп аталып калаган. Мындай арыктар Кыргызстандын бир топ жерлеринде да бар. Арык чапкан элдин атынан ошондой “Калмак арык” деп аталып калган.

Калмак арыктын пайда болгонуна болжолдуу канча жылдай болду?

— 1700-жылдары. Тарыхта өтүлөт, казак кыргыз биригип калмактарга каршы “Ойрот, жунгарлар”деп атаган калмактарды дагы. Мына ошондой айтылган сөздөр бар.

Арык  салынгандан бери өзгөрүүлөр болдубу?

Калмак арыкта өзгөрүүлөр болгон жок. Себеби айрым жерлерде Чоң- Тогузбайдын туштарында терең жар болуп калаган жерлер. Ал эми бери жагы улам тайыздап жүрүп отурат. Мисалы Арал жактарда тайыздап кеткен. Тайыздагандыгына байланыштуу эксковаторлор менен тереңдетүү иштери жүргөн. Союз тарагандан кийин жакынкы аралыктарда эле Тасма айылынын баш жагынан аяк ченине чейин эксковатор менен казып кеңейтилген.

Арыктын жоголуп кетүү коркунучу барбы?

— Адам жашап тургандан кийин жашоо токтобойт. Жоголуп кетүүгө мүмкүн эмес. Себеби ошол жерден мал суу ичип атат, мурда суу чорголору жок кезде бүтүн бардыгы ошол жерден суу ичишкен. “Агын сууда арам жок” деп баары ошол суудан пайдаланган. Мына ошондуктан жоголуп кетет деп айтууга мүмкүн эмес. Себеби жашоо болгон жерде суу бар.

Маегиңизге рахмат!

Маектешкен: Нуржанат Советбек кызы

Сүрөттөрдүн автору: Гүлзар Курманбек кызы