"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада Улуу жеңиштин 72 жылдыгы белгиленди

9 Май 2017 жыл 12:25
Көрүүлөрдүн саны: 88

Түп районуна караштуу Тасма айылында Улуу жеңиштин 72 жылдыгы майрамдалды. Майрамга Карасаев айыл аймагындагы үч айылдын тургундары келип катышты.

Майрамда Ата-Мекендик согуш убагында тылда эмгектенген чоң энелерге ар кандай белектер жана акчалай сыйлыктар берилди.

Карасаев айыл аймагынын башчысы Курманбек Кайыков:

— Быйылкы майрам жылдагыдан айырмаланып, инибиз Кожоев Мирбектин атынан жана 1988-жылкы айылдаштардын атынан Тянь-Шань карагайынан 15ти жана 10 сосна алып келинип эстеликтин тегерегине олтургузулду. Тилекке каршы айылда согуш ардагерлери калбагандыктан тылда эмгектенген алты чоң энелерибизге айыл өкмөттөн 12 000 сом акча бөлүндү. Бул биз үчүн эң чоң майрамдардын бири, өтө ыйык майрам болуп эсептелет. Бул майрам эч качан унутулбайт, бул түбөлүктүү майрам.

Асан Сопиев мектебинин адеп сабагы мугалими Кыдырмыш Масылов согуштун ардагерлеринин ысымдары алтын тамагалар менен жазылышы керек экендигин, алардын арбактарына терең таазим кылуубуз керек экендигин айтты.

“Бүгүнкү 9-май майрамында окуучулар эли журту үчүн кызмат кылгандардын эстелигине гүлчамбарларды коюп, ыр бий жана башка концертттик программасына активдүү катышып беришти, бул майрам балдарга элин-жерин коргоо үчүн чоң сабак болот деп ойлойм”, – деп билдирди Масылов.

Тогузбай айылынан келген Мадина Эсеналиева:

— Менин оюмча эгер бул жеңишти чоң аталарыбыз бизге алып келбесе, балким биз азыр жашамак эмеспиз. Мен чоң аталарыбызга чоң ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү майрам дагы аябай кызыктуу болду.

Даярдагандар: Алина Амантурова, Саадат Турдуматова.