"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмадагы музей облустук сынакта 1-орунду ээледи

9 Май 2017 жыл 11:51
Көрүүлөрдүн саны: 95


Түп районуна караштуу Тасма айылында жайгашкан Асан Сопиев атындагы музей облустук сынакта 1-орунду алды.

Тасма айылында жайгашкан Асан Сопиев мектебиндеги ысымдаш музей ачылган. Облустук музейлер арасындагы сынакка мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Айымбүбү Бегимбаева документтерди даярдап катышып калган.

 

“Музейдин ичинде эмнелер болушу керек деп жоболор келген. Ага чейин Асан Сопиев агайыбыздын урматына конференциялар жана ар кандай турнирлер өткөрүлгөн. Турнирди теледен келип тартышкан, мурунку корпустун макетин да жасатканбыз, ошол бардык иш-чараларды дискке чыгарып жөнөткөнбүз. Ошонун жардамы менен 1-орунду алдык”, — деп билдирди Бегимбаева.

Мектеп директору Алик Мамытов сынак 2016-жылы “Тарых жана маданият” жылына карата өткөрүлгөнүн айтып өттү.

“Бизге ардак грамота жана кубок тапшырылды. Бул музейдин жетекчиси Сален Сопиевге энциклопедия тапшырылып, ардак грамота менент сыйланды”, — деп кошумчалады Мамытов.

Даярдаган: Айжан Жамаева
Сүрөттөрдүн автору: Нуржанат Советбек кызы