"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмалык окуучулар өнөр сынагынын облустук баскычына жолдомо алышты

9 Май 2017 жыл 11:52
Көрүүлөрдүн саны: 93

Түп районундагы мектептер арасында “Ата-эненин мыкты баласымын” аттуу сынак 3-майда болуп өттү. Райондогу 35 мектептен окуучулар барып катышкан сынакта тасмалыктар “Заманбап жомок” номинациясы боюнча жеңишке жетип, облустук баскычка жолдомо алышты.

Сынак “Айкөл” коомдук бирикмеси тарабынан уюшулуп, Түп айылындагы Кайкин орто мектебинде өттү. Иш-чарада окуучулар беш номинация: заманбап жомок, жекече ыр, кол өнөрчүлүк, “Манас” айтуу жана бир окуучу жөнүндө слайд-шоу боюнча күч сынашты.

Ага Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинен беш окуучу барышып, өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Сынактын жыйынтыгында тасмалык окуучулар “Заманбап жомок” номинациясы боюнча жеңишке жетип, облустук баскычка өтүшкөн. Облустук турга жолдомо алган окууучулар учурда даярданып жатышат.

Сопиев мектебинин окуучусу Бурул Кадырова сынакка көптөгөн өнөрлүү балдар барганын айтты.

“Сынакка ар бир окуучу өз даярдыктары менен барыптыр, бизде таланттуу окуучулар билинбегени менен абдан көп экен, ар тараптан ар кандай таланттуу окуучулар келиптир. Ушундай сынактар дагы көп-көптөн болуп турса дейм, Кыргызстанда таланттуу балдар дагы да болсо көбөйө берсин”, – деди Бурул Кадырова.

Өнөр сынагындагы калыстар тобунун мүчөсү, Ичке-Суу орто мектебинин мугалими Зууракан Батырбаева:

— Мыкты окуучулар тандалып, облустук турунда байгелерге ээ болушат. Бул чыгармачыл, таланттуу балдар үчүн абдан жакшы.

Даярдаган: Саадат Турдуматова