"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

ФАО уюмунун негизги максаты дыйканчылыкты өнүктүрүү

9 Июнь 2017 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны: 95

Азыркы тапта өлкөнүн ар кайсы жерлеринде ФАО уюму көптөгөн иш алып барууда. Уюмдун максаты, кандай иштерди алып баргандыгын жана алдыда дагы кандай иштерди өткөзө тургандыгы тууралуу ФАО нун айылдагы өкүлү Сагынай Осмонакунова менен маек курдук.

Саламатсызбы? ФАО ачылганына канча убакыт болду? Уюм эмне максат менен ачылды жана элге кандай таасирин тийгизүүдө?

ФАО нун ачылганына бир жарым жыл болду. ФАО бул «Бириккен улуттар» уюмунун астында айыл -чарба багыттын өнүктүрүү багытына алып барат. Долбоор алып барат. ФАО нун негизги максаттары мал чарбачылыгын өстүрүү, мал үчүн тоют багытын чыңдоо, дыйканчылыкты, мал багууну өнүктүрүү. Айыл ичиндеги аярлуу үй — бүлөлөрдү көтөрүү максаты.

ФАО до канча киши иштейт, бир группада канча киши бар?

Биздин айыл боюнча 40 адам (аялдар) эмгектент. Беш группа бар ар бир группада 8 ден киши бар.

ФАО до кандай иш -чаралар көрүлөт?

Аярлуу үй-бүлөлөргө атайын себүү үчүн үрөндөрдү алып келип жатышат. Техника жагынан жана билим жагынан жардам берип жатышат.

ФАО го кандай кишилер керек болот?

ФАО го бош, дайыма уюмду колдогон, аярлуу үй-бүлөлөр керек.

Алдыдагы пландар кандай?

Алдыдагы пландары ушундай группаларды дагы көбөйтүү, техникаларды көбөйтүү, жер иштетүүнү дагы жогорулатуу максаты.

Маегиңизге рахмат!

Маектешкендер: Жибек Мелисова, Аяна Айбек кызы

  1. Редактору :Нуржанат Советбек кызы