"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада ашпосчулук кесип багытында окуу жүрүүдө

29 Июнь 2017 жыл 0:02
Көрүүлөрдүн саны: 144

    Түп районуна караштуу Тасма айылында ашпосчулук кесипти үйрөтүү үчүн окуу жүрүүдө. Окуу ушул эле айдын 7-июнунда башталып, азыркы тапта окуучулар практика жүзундө үйрөнүшүүдө.

Окууга жеке эле мектеп окуучулары эле эмес, айыл тургундары дагы окушуда. Окуунун баасы 3000 сомду түзөт. Азыркы тапта 15 адам билим алып жатат.

Окуунун уюштуруучу менеджери Махабат Сарыбаеванын айтымында бул окуу мектеп окуучулары үчүн да айыл тургундары үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө, себеби шаардан окушса жолго акча кетип көп чыгым болушмак деп билдирет.

“Сопиев мектебине билим борборунан  ашпосчунун окуусуна окуу келип, 15 бала окуп жатышат. Тамактардын, салаттардын  түрлөрүн үйрөнүп жатышат. Бир жарым айлык окуу. Азыр көп нерселерди үйрөнүп калышты. Бул жерден керектүү азыктардын баарын өзүлөрү алып келип үйрөтүп жатышат. Көбүнчө эркек балдар окуп жаттышат, балдар негизи көп нерсени билбейт. Окуу башталганына эки жума болду бул аралыкта эркек балдар жакшы үйрөнүп калышты.” -деп айтып өттү.

Билим берип жаткан мугалими Азим Бейшенаалы уулунун билдирүүсундө окуучулар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө, биз окууну орозо айына туураладык орозо бүткөндө окуп үйрөнүшүп сертифкатка ээ болуп калышат  дейт.

“ Бул окууну өткөзүү максаты  бир айлык окуу болгондуктан орозо убагына туураладык. Анткени орозо бүткөнгө чейин үйдө жумуш аз болот, ошол убакта сертифкат алып алсын дедик. Жайында каалаган убакта иштей берсе болот. Окуу көбүнчө практика жүзүндө өткөзүлүүдө.” –деди ал.

Ал эми окуудан билим алып жаткан Элдияр Элемановдун айтуусунда практика жүзүндө көп болгондуктан тамактарды жазоону тез үйрөнүп жатабыз деп төмөндөгүлөрдү баяндайт.

“Окуудан  азыр көптөгөн тамак-аштарды жасоонун жолун үйрөнүп жатабыз. Практика жүзүндө болсо бат эле үйрөнүп алат экенсиң. Бул окуунун келечеке таасири бар деп ойлойм, себеби сертифкат да берилет. Сертифкат менен жумушка кирип иштей берсең болот.”- деп билдирди.

Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы

“Конкурс үчүн”