"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мектептин имаратындагы ажаткана бала бакчага ылайыкталып, реконструкцияланууда.

29 Июнь 2017 жыл 21:24
Көрүүлөрдүн саны: 91

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айлынын кыска мөөнөттүү бала бакчага жаңы ажаткана курулууда. Андан тышкары бала бакчага оюн аятчасына атайын каруселдер орнотулуп, балдарга дагы көптөгөн оюнчуктар жана заманбап парталар алып келинди.

Мектеп директору Алик Мамытов бул 100 бала бакча долбоорунун алкагында көптөгөн иш чаралар жүрүп айыл тургундарына жана балдарга өтө жакшы шарттар түзүлүп атакандыгын айтты:

“мурунку ажаткананы оңдоп, атайын кафелдерди чаптатып, балдарга өзүнчө, кыздарга өзүнчө ажаткана курулууда, атайын септик жасалып, ал жерге суу киргизилип, ысык суу да коюлат. Андан тышкары башка керектүү буюмдар келди. Балдардын оюн аянтчасынын тегерегине тосмо жасаталы деп атайын смета түзүлдү. Буюрса аныбыз да ишке ашат деп ойлойм. Бул айыл элине жана балдарга өтө чоң пайдасын тийгизет. Азырынча бизде кыска мөөнөттүү гана бала бакча иштелип атат. Буюрса кийин толук кандуу бала бакча ачылат” – деп билдирди мектеп директору Алик Мамытов.
Сопиев мектебинин география мугалими Ороз Саадабаев бул ажаткананын курулуусу балдарга ыңгайлуу болоорун айтты:
“бала бакчага ажаткана курулуусу аябай жакшы болду. Себеби кышында балдар эшиктеги ажатканага барабыз деп жолдон тайгаланып жыгылган учурлары көп болот экен, аба ырайы суукта да үшүшөт. Эми андай учурлар болбой калат деген ойдомун. Мына оюн аянтчасына дагы каруселдер орнотулду. Бул дагы балдардын бала бакчага болгон кызыгуусун арттырды. Башында ата-энелер балдарын көп алып келбей, кызыкпай атышкан, эми болсо балдарын алып келгендер өтө көбөйдү” – деп өз оюн айтты Ороз Саадабаев.


Жаңы ажаткананы куруп жаткан жумушчу Мирбек Абдылдаев бул курулуш материалдар абдан бышык, сапатттуу экендигин илдирди:
Биз атайын жалданып келгенбиз, азыркы учурда жумушубуз аябай жакшы жүрүп атат. Кафелдердин сапаттары жакшы, өзүбүз ушундай кафелдер менен иштейбиз. Булар суу сиңирбейт, нымдуулук болуп, көгөрбөйт,тазалаганга абдан оңой, кооз болуп да көрүнөт” – деди Мирбек Абдылдаев.

Даярдаган: Саадат Турдуматова.
сынак үчүн