"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада ички жолдор оңдолууда.

3 Июль 2017 жыл 20:34
Көрүүлөрдүн саны: 106

Түп районунун Карасаев айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 849 миң сом бөлүнүп, тендер жарыяланып, Тасма, Токтоян айылдарынын ички жолдору оңдолуп, Тасма айылынын Тынтай көчөсүнө 1260 метр, Адыбаев Абдыкерим көчөсүнө 850 метр, Токтоян айылынын Ордобаев көчөсүнө 800 метр жолго кум төгүлүп, грейдер менен түздөө жүрүп жатат.

?


Карасаев айыл аймагынын жерег жайгаштыруу, өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Нурбек Усенов төмөндөгүлөрдү айтты:
“мурун СССР учурунда дагы бул көчөлөр оңдолгон эмес,айыл чарба техникалары жана жеңил машиналар өткон учурда баткак басып, коллея болуп, элдин жашоо турмушуна оордук келтирген. Азыр болсо СССР убагында оңдолбогон жолдордун баары түзөлүп, калыбына келип, элдин турмуш шарты оңолууда” – деп билдирди Нурбек Усенов.
Айыл тургуну Гулиза Сакбаева эми кашаалар жылып, жол кеңйип жакшы болуп калаарын айтты:
“ мурун бул көчө аябай жаман болчу. такыр оңдолгон эмес. Балдар мектепке барганда аябай булганып, жада калса баса албай, коляска сүйрөй албай калганбыз. Эми кудай буюрса жолубузга жаңы кум төгүлүп баштады, бүтсө жыргап эле калат болушубуз керек” – деп өз оюн айтты Гулиза Сакбаева.
Айыл тургуну Асель Байгуттиева мындан ары көчөнүн жакшы болуп калат деген ойдо:
“биз Тынтай көчөсүндө жашайбыз, чынын айтсам мурун жолубуз өтө эле жаман болчу, чуңкурлар көп болуп, баткак болуп,машиналар тыгылып, өзгөчө жаздын күнү жаан-чачында аябай кыйналчубуз. Эми кум төгүлсө өзүбүздүн келечегибизге жакшы болот деп ойлойм” – деп билдирди Асель Байгуттиева.

Даярдаган: Саадат Турдуматова. “сынак үчүн”