"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмага кабелдик интернет орнотулууда.

6 Июль 2017 жыл 20:17
Көрүүлөрдүн саны: 110

Түп районунун Карасаев айыл аймагына кыргыз телекомдун демилгеси менен кабелдик интернет орнотулууда. Жалпы сметалык баасы Миң-Булак айылынан Карасев Айыл аймагына чейин 1 200 000сом болду. Бул сумманын 50%ин Карасаев айыл аймагы өнүктүрүү фондунан 585 000 сом кыргыз телекомуна алып берген. Үч тараптуу болуп түузүлгөн келишим боюнча интернет 30-августка чейин ишке киргизилет.

Карасаев айыл аймагынын башчысы Курманбек Кайыковдун айтуусунда мектепте айыл өкмөттө, чарба иштерин бүтүрүүдө интернеттин ылдамдыгы төмөн болуп жумуштарды бүтүрүүдө тоскоолдуктарды жараткан. Эми кабелдик интернет орнотулгандан кийин бардыгы жакшырат деген ойдо:
“биздин өзүбүздүн бюджетибиз чектелүү, ошого карабастан биз донорлор менен иштеп,быйыл 2017-жылы Кыргыз телеком дагы демилге кылды. Түп айылынан Арал айыл өкмөтүнө чейин 10 км аралыктагы жерди Арал айыл өкмөтү туурасы 40 см, тереңдиги 1метр кылып казып, кабелдерди салып келет.андан бери Миң-Булак айылынан Арал айылынын чыга беришине чейин Кыргыз телеком улантат,андан бери Тасма айылынын конторуна чейин Карасаев айыл өкмөтү 5 км аралыктагы жерди казып, 33 столба орнотот. ка белдерди Кыргыз телекомдун жумушчулары коёт. Буюрса ишке киргенде айыл тургундары үйүнө киргизебиз десе, өзүлөрүнө тиешелүү акыларын төлөп киризип алса болот” – деп билдирди Курманбек Кайыков.
Мектеп мугалими Кундуз Шалтабаева интернет азыркы заманда эң маанилүү, эң керектүү экенин айтты:
“үч айыл өкмөткө кабелдик интернет коюлуп атыптыр, Талды-Суу, Арал, жана Карасаев айыл өкмөтүнө. Биздин азыркы колонуп аткан интернеттин күчү жок болуп атат, кээде өчүп калат, же ылдамдыгы начарлайт. Эми кабелдик интернет келсе ар кандай документтер менен иш жүргүзүүгө, документтерди эки жакка жиберүүгө да оңой болуп калат” – деди Кундуз Шалтабаева.
Карасаев айыл аймагынын жерег жайгаштыруу, өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Нурбек Усенов төмөндөгүлөрдү айтты:
“кабелдик интернет ин келүүсүндө үч таратптык келишим боюнча Аралдан бери кыргыз телекомдун ретрансляторуна чейин33 столбаны Карасаев айыл өкмөтү орнотот. Буюрса интернет коюлса айылыбызга, мектептеги окуучулардын тапшырмаларды аткаруусуна, четөлкөлөр менен байланышка өтө жакшы болот деп ойлойм“ – деп билдирди Нурбек Усенов.

Даярдаган: Саадат Турдуматова.