"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

“Ананай” бала бакчасы жаңы эмеректерге ээ болду

2 Октябрь 2017 жыл 3:52
Көрүүлөрдүн саны: 197

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айлындагы “Ананай” бала бакчасы жаңы эмеректерге ээ болду. Бала бакчага долбоордун негизинде жаңы шкаф, китеп, стол, парталар берилип, ошондой эле сыртка ойногонго чакан оюнчуктар орнотулуп, даараткана менен камсыздалды.


“Ананай” баладар бакчасынын тарбиячысы Мадина Абдылдабекованын маегинде Шалтабаева Кундуз эжейлер жазган проектин негизинде жаңы эмерек, мебельдерге ээ болуп жатабыз деп билдирет.

“Быйыл дагы былтыркыга салыштырмалуу 25тен эки группа толду. Балдар жакшы максат менен келди үйрөнүүгө, билүүгө. Балдар үчүн 3 саат болсо да көп нерсе билишүүдө деген ойдомун.Ошондой эле баарына жеткидей жаңы стулдар,парталар, китептер келди. Эми дагы оюнчук күтүп жатабыз. Азыр оюнчур жетишсиз.Жаңы окуу жылында оюнчуктар,паластар келет өкмөт тарабынан. Азыр болсо кем карчыларын ата- энелери дагы толукташууда ыраазычылык билдирем. Бул жаңы эмеректер 2015-жылы Кундуз Шалтабаева жазган проект ишке ашып министерствадан кол коюлуп келди. Акырындык менен бары ишке ашып келе жатат”дейт тарбиячы

 

Ал эми айыл тургуну Бектемир Алматаевдин билдирүүсүндө бала бакча учурдун талабына жооп берерлик жакшы эмеректер менен камсыздалып, сырта ойноочу жайы да жакшы орнотулду деп төмөндөгүлөрдү айтып өттү.

“Балдар бакчасына күнүгө кызым түштөн кийин барып жатат. Ал жактан көп нерселерди ырларды, бийлерди үйрөнүп үйгө келип айтып берүүдө. Анан быйыл жаңы сыртка ойноочу оюнчуктар келди. Ичине жаңы парталар келиптир баары талапка жооп берерлик. Ошондой эле даараткана салынды чакан. Бардыгы талапка жооп берген жакшы деңгээлде салынды” деп билдирди Алматаев.

Ал эми “Ананай” балдар бакчасынан тарбия алып жаткан Айбийке бала бакчага баруу кызыктуу, көңүлдүү болуп жатканын айтты.

 

Даярдаган:Нуржанат Советбек кызы