"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада Айтматовдун туулган күнүнө карата ачык сабак өтүлдү

13 Декабрь 2017 жыл 3:43
Көрүүлөрдүн саны: 185

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев мектебинде 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ачык тарбиялык саат болду. Тарбиялык саатты башталгыч 2- класс өттү.

Аталган сабакка мугалимдер жана ата-энелердин катышуусу менен болду.

Тарбиялык сааттын көрөрман мугалими Үмүт Бейшембиеванын айтымында бүгүнкү ачык сабак жакшы деңгелде өткөзүлүп, окуучулар активдүү катышты дейт.

«Бүгүнкү өтүлгөн тарбиялык саат окуучуларга тазирдүү болду. Мугалим окуучулары кичине болсо дагы аракет кылып, эмгектерди жараткан экен. Окуучулардын аткаруучулук жөндөмдүүлүктөрү жакшы экен. Биз билбеген табышмактардан айтышты, ата-энелер табышты»-деп билдирип өтөт.

Ал эми тарбиялык ишке катышкан 2-классынын окуучусу Адеми Шайдаркунованын берген маегинде ачык сабакты өтүү ага жаккандыгын билдирет.

«Бүгүнкү ачык сабак жакты. Мугалимдердин астында корккон жокмун. Ачык сабакта активдүү катыша алдым»-деп билдирет.

Даярдагандар: Гүлбайра Кубаныч кызы
Аяна Элеманова
Редакор:Нуржанат Советбек кызы