"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жаш талант Таңсулуу менен маек

13 Март 2018 жыл 3:34
Көрүүлөрдүн саны: 217

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 5- классынын окуучусу кичине кезинен бери сүрөт тартып жана пластилинден ар кандай каармандарды жасаган Таңсулуу Токтокадырова менен маек.

Таңсулуу мындай өнөрдү ага-эжелеринен кичине чагында эле үйрөнгөн. Өзү кичине болсо да азыр райондук конкурстарга катышып келет.

Саламатсыңбы? Пластилин менен жасоону сага ким үйрөткөн, же өзүңдүн өнөрүңбү?

Саламатсыздарбы. Мен бул өнөрдү эжелерим жасап жатканда, карап үйрөнгөм.

Сүрөт же кол өнөрчүлүк боюнча конкурстарга бардың беле?

Ооба. Өткөндө районго бардым. Ал жерден тилекке каршы орун албай калдым.

Үйүңдөн кимдер жардамдашат?

Эч ким жардамдашпайт. Өзүм эле жасайм.

Пластилинден эмнелерди жасайсың?

Көбүнчө кыз, үй жана ар кандай мультфильмдердин, кинолордун каармандардын жасайм.

Маегиңе рахмат! Дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!

Даярдагандар: Аяна Эламанова, Жибек Мелисова

Редактор: Нуржанат Советбек кызы