"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Мектепте жашылдандыруу айлыгы жүрүп жатат

14 Апрель 2018 жыл 8:35
Көрүүлөрдүн саны: 75

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жашылдандыруу айлыгы жүрүп жатат. Айлыкта мектеп окуучулары мектеп айланасын тазалап, көчөттөргө арык салышууда.


Айлык үч ай аралыгына бөлүнүп, азыркы тапта окуучулар көчөттөргө арык салышууда. Буга чейин айлананы тазалоо иштери менен алек болушкан.

Сопиев мектебинин уюуштуруучусу Кундуз Шалтабаеванын билдирүүсүндө айлык азыр бүткүл Кыргызстан боюнча өтүп жатат. Анын ичинде биз дагы айлана-чөйрөнү жашылдандырууга тазалап, көчөттөрдү карап жатабыз деди.

«Айлыктын негизинде ишенбиликтерге чыгып, айлананы жашылдандырып, мектептин тегерегин тазалап жатабыз. Бүгүн болсо былтыр отургузулган көчөттөрдүн арыктарын тазалап, арык салынбаган жерлерге салып жатабыз. Эми үч айлык бүткүчө айлананы тазалоо иштери жүрүп турат» деп билдирди.

Ошол эле мектептин 9-классынын окуучусу Үмүт Туратбек кызынын айтуусунда ишенбиликке толугубуз менен келип катышып, аз да болсо айлананы жашылдандырууга салымыбызды кошуп жатабыз дейт.

«Ишенбилике окуучулар толук келишип, көңүлдүү иштеп жатабыз. Арыктарды салып, жер тырмаган жумуштар менен алек болуп жатабыз» дейт ал берген маегинде.

Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы, Гүлбайра Кубаныч кызы