"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмалык окуучулар облустук бий, ыр сынагына жолдомо алышты

14 Апрель 2018 жыл 7:58
Көрүүлөрдүн саны: 104

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев мектебинин эки окуучусу облустук “Мен Кыргызстанда жашайм!”сынагына өтүштү. Учурда окуучулар таймашка даярданышууда.


Сынак алгач мектеп аралык болгон. Гүлзар Курманбек кызы бий боюнча, Таңсулуу Токтокадырова ыр боюнча районго өтүшкөн.
“Мен Кыргызстанда жашайм!” сынагы боюнча мектептин музыка мугалими Назира Өмүрзакова мектептик сынакка көп окуучу катышып, анын ичинен мыкты дегендер районго жолдомо алышкан деп төмөндөгүлөрдү баяндайт.
“Калысттардын чечими менен мектептен Гүлзар жана Таңсулуу тандалып, районго кучтүү дайынданып барганбыз. Райондон да калыстар тобуна жагып ырыбыз да, бийибиз да облуска өттү” дейт ал.

Ал эми “Көчмөндөр” бийи менен сынакты багындырган Гүлзар Курманбек кызынын билдирүүсүндө мектепте эле сынакка катышкан окуучулар коп болду алардан озуп алдыга чыгуу кыйын болду дейт.
“Мектептеги сынакка эле катышкандар көп болду, алардын ичинен алдыга чыгып райондук турга бардым. Ал жерден да жемиштүү, облуска жолдомо алып кайттык. Азыркы тапта облустук турга кызыгуу менен дайынданып жатабыз. Буюрса облустан да алдыңкы орундарды багындырабыз деген ойдомун” деп билдирди Гулзар Курманбек кызы.
Даярдагандар: Нуржанат Советбек кызы, Алина Амантурова