"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Сары-Булуң айлындагы жаш баатыр эне менен маек

20 Апрель 2018 жыл 12:39
Көрүүлөрдүн саны: 99

Түп районуна караштуу Сары Булуң айылынын келини, 9 кыздын энеси Максатгүл Мусаева азыркы жаштарга кааларым көп балалуу болушсун, “Балалуу үй базар, баласыз үй мазар” деп бекеринен айтылбаптыр. Мен ушу 9 кызым бар экенине сыймыктанам деген Максатгүл Мусаева менен маек.


Канча жашынызда турмушка чыккансыз?
1994-жылы Сары Булуң айылына турмушка чыккам, азыркы кезде 42 жаштамын.
Көп балалуу болом деген ойуңузда бар беле?

Мен окуп жүрөндө эле 6-7 балалуу болом деп тилек кылчум. Азыркы тапта тогуз кызым бар ошого шүгур кылам кудай берген кыздарым бар.
Кыздарыңыздын мүнөздөрү ар башкачабы?

Ооба. Кыздарымдын ар биринин мүнөзү ар башкача бири токтоо, экинчиси тентек,дагы бирөө шайыр дегендей ар бирөө ар башкача.
Тогуз кызыныз бар экен эркек балам жок деп өкүнбөйсүзбү?
Тогуз кызым бар экенине өкүнбөйм. Кудай берген бала алты саны аман ошого шугур кылам. Эркек балам жок деп окунбойм. Анткени, тогуз кызым бой жетип калды 2 кызым турмушка чыкты, ошо эки күйөө баламды өз баламдай көрөм. Андан кийин жети кызым бой жетип турмушка чыкса алардын жолдошторун да өз баламдай көрөм.
Даярдагандар: Айжан Нурдин кызы,Аалыева Барчын, Гулайым Болгонбаева
Редактор: Нуржанат Советбек кызы