"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада интернет wi-fi коюлууда

20 Апрель 2018 жыл 12:48
Көрүүлөрдүн саны: 140

Учурда бардык тармактарда интернет пайдаланылат. Буга чейин Тасма айылында интернет болгон бирок, жай иштеген. Азыркы тапта Карасаев айыл аймагындагы Чоң- Тогузбай, Тасма айылдарындагы үйлөргө wi-fi интернети коюулууда. Интернет “Телеком” ишканасы тарабынан коюлуп жатат.

Койдурган Гулзат Мусалиеванын айтуусунда интернет койдуруу мурунтадан эле максатыбыз болчу. Интернетти коюдуруп өзүбүзгө керектүү маалыматтарды алып жатабыз деп билдирди.

Интернеттин таасири жаман дагы жакшы дагы жагы болот. Жаманы окуучулар азгырылып сабак окубай калышат.А жакшысы озуно эмне керек болсо ошону ала аласын. Каржы маселеси койдуруп, апараттары менен 4000 сом, бир айга 700 сомдон төлөп турабыз. Биз мурунтан бери эле интернет койдурабыз деп максат койгонбуз максатыбызга жеттик” деп билдирди.

Интернетти коюдуруудагы Тасма айылынын уюштуруучусу Аскер Өмүрбеков интернетти койдуруу бул замандын талабы, бара-бара бардыгы интернет менен болуп жатат деп билдирет.

“Телекомдун планы боюнча атайын эки айдын ичинде койдурулуп бутуш керек деген тапшырма келген. Бул ошол ишкананын планы.Мунун окуучуларга тийгизген пайдасы жок ата-энелер балдарын караш керек. Интернетке эле кечке отургуза бербей бир саатан ашырбаш керек. .Интернеттин талабы болуп жатат интернетти койдурган койдурбайм деген болбойт созсуз койдуруш керек” деп билдирди.

Даярдаган: Гүлбайра Кубаныч кызы, Касиет Асангазиева, Аяна Айбек кызы

Редактор: Нуржанат Советбек кызы