"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: окуучулар мектептик форма менен камсыз болушту.

22 Апрель 2018 жыл 19:47
Көрүүлөрдүн саны: 74

А.Сопиев атындагы №19 Тасма орто мектебине аскерге чейинки даярдык сабагына окуучулар аскердик форма менен камсыз кылдынды. Формаларды Тасма айылынын кулуну, айыл өкмөттүн  ардактуу атуулу, меценат Сталбек Муканбетов окуучуларга белек кылып берди. Бул аскер формаларын окуучу балдар ар кандай аскердик сынактарга, мектептик, райондук параддарга кийишет. Формалардын өлчөмү  ар түрдүү болгондуктан бардык балдарга ылайыктуу болду. Мектеп директору Алик мамытов бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

“Мектепке Сталбек Муканбетов демөөрчү болуп, 46-47-48 өлчөмдөгү аскердик формалардан 15 даана алып берди. Жалпы баасы 30миң сом болду.  Кечээ мектепке алып келип, окуучуларга кийгизип, тапшырып берди. Сталбек байкеге абдан чоң ыраазычылык билдиребиз, бизде аскер еызматына барам деген дилгир балдар көп, бул мекенди коргоо үчүн өзүнчө бир жол десек да болот. Мына бизде жыл сайын аскердик марш боюнча райондук кароо сынактар болот, ошол сынактагы критерийлердин бири – “бирдиктүү форманын кийилиши” – деген бар экен, сынакка биздин окуучулар канчалык активдүү катышканы менен форма жагынан аксап келген. Бул дагы бир ийгиликтердин башаты болуш керек деп ойлойм” – деди мектеп директору Алик Мамытов.

Аталган мектептин Аскерге чейинки даярдык сабагынан берген мугалим Кыдырмыш Масылов демөөрчү Сталбек Муканбетовго ыраазычылыгын билдирди:

“Бизде мурун аскердик форманы окуучулар парад басаарда сынактарда таба албай агаларынан сурап, аябай убара болушчу эле. Эми ал көйгөй чечилди деп ойлойм, демөөрчүгө чоң ырааазычылыгымда билгизем” – деди Кыдырмыш Масылов

Мектептин тарбия завучу Кундкз Шалтабаева окуучулар өтө кубанып атканын айтты:

“буга чейин бизде аскердик форма боюнча көп көйгөйлөр болчу. Алып келинген формалардын сапаты жакшы жана окуучуларга абдан ылайыктуу экен. Мектептик линейкада бул маалымат айтылып, окуучу балдар сыймыктануу менен формаларды кийип, сүрөткө түшүштү. Эми райондук, областык окуучулар арасындагы аскердик патриоттук сынактарда алдыңкы орундарга ээ болобуз деп ишендиришти” – деп өз оюн айтты Кундуз Шалтабаева.

 Даярдаган:   Саадат Турдуматова.