"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мендалдык арифметика окуусу жүрүүдө.

22 Апрель 2018 жыл 19:41
Көрүүлөрдүн саны: 110

 Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде менталдык арифметика окуусу окутулууда. Окуу билим берүү министлиги менен  Кыргызстанга жайылтуу максатында келишим түзүлүп, окутула баштаган. Ар бир мектептен мугалимдер 2 жумалык курстан окуп, экзамен тапшырып келип окуучуларга сабак берип жатышат.  Окуучулардын жаш курагына жараша топторго бөлүнүп, март айында окутулуп баштаган. Учурда 44 окуучу Айына 700 сом төлөп окуп атышат.

Мектеп директору Алик Мамытов менталдык арифметика окуусу тууралуу төмөнкулөрду билдирди:

“Менталдык арифметиканы математик мугалимибиз Аскат уулу Гүлжигит окутуп атат. Район боюнча математик мугалимдердин баары атайын даярдоодон өтүп, сертификат алышты, ошол сертификаттын негизинде азыр окуучуларга билим беришуудө. Менталдык арифметика балдардын ойлоо сезимин жогорулатып, логикасын өстүрөт. Окутулуп баштаганына 1 гана ай болсо дагы балдар эң мыкты көрсөткүчтөрдү берип жатышат. Себеби кызыгуулары көп.

 Жумушчу дептер, абакус дагы алынган. Баштапкы айына 1000 сом, калгандарына 700 сомдон төлөп окуп атышат” – деп билдирди мектеп директору.

Аталган окуунун мугалими Гүлжигит Аскат уулу бул кружоктун балдарга өтө пайдалуу экендигин айтты:

“ Азыр биз “Акменар” компаниясына ишеп берип атабыз. Атайын билим берүу министрлиги менен кандайдыр бир келишимдерди тузүп, окуучулардын билим деңгээлин, логикасын, эске тутуусун өстурүү максатында окуу жүрүүдө. Район боюнча биринчи эле бизде ачылды. Азырынча жакшы жыйынтыктарды берип жатышат. Бизге чейин менталдык арифметиканын Нарын жана Талас өрөөндөрүндө мектептери ачылган” – деди Гүлжигит Аскат уулу.

Мектеп окуучусу жана менталдык арифметиканын катышуучусу Канайым Жаныбек кызы окуу абдан жакканын жана жакшы өздөштурүп атканын билдирди:

“Мага бул окууну окуп баштаганда эле аябай жаккан, сабактар абдан кызыктуу өтөт. Бат эсептегенге үйрөндүк, катышып жатканым аз гана убакыт болсо дагы эске тутуум жакшырганын байкадым. Мындан ары дагы олимпиадаларга катышып, орун алсам деген ойдомун” – деп оз оюн билдирди Канайым Жаныбек кызы.

 Даярдаган:    Саадат Турдуматова.