"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

”Сары-Булуң айылында Чигу шаары боюнча музейи ачылууда ”

26 Апрель 2018 жыл 7:33
Көрүүлөрдүн саны: 269

Ысык-Көл облосунун Түп районуна караштуу Сары булуң айылында Чигу шаары боюнча музей ачылуу алдында турат.  Музейде чөгуп кеткен шаардын калдыктары камтылган.Ал жерден буюмдардын калдыктарын  жана таштардын түрлөрү табылган.Азыркы учурда  2018-жылы май айында ачылуу алдында турат.

 

Мектеп директору Жапеков Кубанычбектин айтымында тарых мугалими Иманалиев Кувандын эмгеги көп.

 

“Сары-Булуң айылы көлгө жакын жайгашкандыктан көлгө чөгүп кеткен байыркы Чигу шаарынын калдыктары табылган .Табылган буюмдар мектепке алынып келинген .Сырттан келген кишилердин кызыгуусун арттырган ,ошол себептен музей ачылды .Башка жактан спонсорлор болуп жатат.Музей келечекте дагы кеңейип өркүндөйт деген тилектемин”

Тарых мугалими Иманалиев Кувандын айтымында Ыссык-Көлдөгү чогүп кеткен Чигу шаары боюнча экспонатарды 1999-жылы Чигу  картасын түзулгөн дейт ал.

“Алгач өзүм көлгө кирип экспонатарды алып чыгып тарых сабагынан окуучулардын кружогун ачып көлгө кирип  окуучулар менен табылган таштарды буюмдарды алып келгенбиз. Жыл сайын археологиялык жүрүштөргө барып жүрдүк. Ошондой эле Сары-Булуң айылынын тургундары кызыгып тапкан буюм-тайымдарын жана башка нерселерин алып келип жатышты.”-деп айтып өттү ал.

“Музейдин ачылыш себеби эмне болду?”-деген суроого мындай деп жооп берди :  ИСУР (Институт Стратегии Устойчивого Развития) фонду менен биргеликте прект жазып  Шаршенгул Тагаев атындагы №30 мектебинде кабинет берилип музей ачулуу алдында турат .Ысык-Көлдөгү чөгүп кеткен   Чигу шааары боюнча окуучулар менен иш алып баруудабыз.Ошондой эле” Чигу”музейн май айына чейин бүтүрүүгө аракет кылуудабыз.

Даярдаган: Нургүл Курманбекова, Айзат Бердалиева

Редактор: Салават Жангабылов