"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

23-жылдан бери бал челек кармаган Медер байке

8 Май 2018 жыл 6:06
Көрүүлөрдүн саны: 78

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылында бал сатылып келет. Бул иш менен Медер Сааданбеков көптөгөн жылдардан бери элди таза бал менен камсыз кылат.

Арал айылынын тургуну Медер Сааданбековдун айтымында окууну бүтөөрү менен эле бал челек менен алектенгем дейт ал.

“18 жашыман баштап бал өндүрүү ишин баштагам.Балдын эспарсет айтканда ак бал тоо балынын жана дагы башка көптөгөн түрүн даярдайм Бул балды областардан, райондордон, айылдардан келип алып кетишет.Аарынын өзүнүн ар кандай сироптору болот сироп бериш керек, ар кандай гулдөрдү кургатып берүү керек. Балдын бир килограмын 100-150сомго сатам. Кардарларым жетиштүү.”-деп айтып өттү Медер Сааданбеков.

Ал эми Сивитлана Турсунова жубайынын айтымында бал челекти 23 жылдан бери түптөп келе жатабыз деп билдирди.

“Жолдошум жакшы иш алып барат жакшы сапаттагы бал сатат. Бал челекти 23жылдан бери түптөп келе жатабыз. Балдын пайдасын жакшы . бир жылда эки тоннага чейин бал алынат.”-дейт Сивитлана Турсунова.

Ал эми айыл тургуну Чолпон Саадабаеванын айтымында бал өндүрүүсү айыл тургуну үчүн абдан жакшы сапатта деп эсептейт.

“Балдын сапатты абдан жакшы мен ушул сатуучудан дайыма алып турамын. Бул өндүрүүчүнүн балын таза даарылык касиети бар. Медерден сураганымда аарыларды кышында табийгый гана азыктар менен багарын билдирген. Балдын улгайган адамдарга жана башкаларга дарылык касиетин тийгизет.”- деп айтып өттү Чолпон Саадабаева.

Даярдаган: Нурзада Бекенова.
Редактор: Салават Жангабылов.